Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бала бакча жана мектептер үчүн эмерек сатып алуу

2016-12-03 / Айылдык ден соолук комитеттери

Н. Исанов айылдык аймагы, Ноокат району, Ош облусу конкурста биринчи орунду ээлегени үчүн 150 000 сом көлөмүндөгү байге.

ЖМБА-иш-чараларында аныкталган бардык артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн ичинен айыл өкмөтүнүн күчү менен төмөнкү маселелер чечилген: Тескей-Кожоке айылындагы негизги жолдорду оңдоо жана көчөгө жарык берүү. Ушул эле айылда фельдшердик-акушердик пункттун курулушу боюнча иштер жүрүүдө. Бул айылдагы АДК өз кезегинде коомдук саламаттык сактоо, ЖӨБ органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын иши, ошондой эле жергиликтүү калктын пайдасына алардын жалпы өз ара аракеттенүүсү туурауу калктын маалымдуулугун жогорулатуу жаатында жамаат менен иштерге чоң салым кошту. Долбоордун тренингдерине катышуу менен Айылдык ден соолук комитеттеринин жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери алган билимин өз ишинде колдонуп, бул тажрыйбаны аймактагы башка айылдарда жайылта алышты.
Айыл өкмөтү АДКнын демилгелерине жана жамаат менен иштерге чоң колдоо көрсөтүп келет. Айталы, ЖӨБО АДК менен биргеликте ЖМБА боюнча бир нече иш-чараларды, жумушчу жолугушууларды, бюджет боюнча маалымат өнөктүктөрдү өткөрдү. Бирок Тескей-Кожоке айылындагы айрым көйгөйлөрдү ЖӨБ органдары азырынча чече албай жатат. Айылда 500дүн тегерегинде түтүн бар жана айылдагы жалгыз бала бакчага жана эки мектепке каттаган балдар көп. Мектептердин биринде 215 окуучу билим алат. Бул мектепте ашар жолу менен курулган ашкана бар. Бирок, тилекке каршы, ашканада азык-түлүктү туура жана коопсуз сактоо үчүн атайын жабдуу ушул күнгө чейин болгон эмес. Муздаткычтын жоктугунан улам 2015-жылы балдар бузулган тамак-ашка ууланышкан. Дагы 500 бала билим алган экинчи мектепте да ушундай эле кырдаап түзүлдү – азык-түлүктү сактоо үчүн, идиш-аяк жууганга шарт жок болчу. Балдардын тамактануу алдында колдорун чайкап алышы тууралуу сөз да жок.
90 бала тарбияланган жалгыз бала бакчада да шарттар ойдогудай эмес: кийим-кече үчүн эмерек жок, керебеттер болбогондуктан балдар жерде уктайт.Ашканада мештин жоктугунан улам балдарга ысык тамак көчөдөгү казанга даярдалат. Колдорду, же идиш-аякты жууш үчүн сырттагы муздак сууну колдонушат. Н.Исанов айыл өкмөтү дотацияда болгондуктан каржылоо дайыма жетишсиз, бул болсо бул маселелердин баарын бир заматта чечүүгө жол бербей жатат.
Мектептер жана бала бакча үчүн зарыл болгон жабдууларды алуу менен балдардын окуу мекемелериндеги шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү да пайда болот. Биринчи кезекте балдар үчүн тамакаш даярдоо жана сактоого байланыштуу маселе чечилет. Бул болсо балдардын ден соолугуна оң таасирин тийгизмекчи. Мындан тышкары балдардын өнүгүүсү жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу жана эстетикалык шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгү да пайда болот. Тикелей бенефициар катары Тескей-Кожоке айылынын 805 баласы (окуучулар, бала бакчанын тарбиялануучулары) аталды. Айылдын эки миңге жакын жашоочусу кыйыр бенефициарлар болуп эсептелинет.Конкурста ээлеген биринчи орун үчүн алган акчага башталган демилгелерди улантуу максатында Тескей-Кожоке айылындагы эки мектеп жана бала бакча үчүн да тиричилик техникасы жана эмерек сатып алынды. Ошентип Н.Исанов айыл өкмөтүнүн балансына төмөнкүлөр өткөрүлүп берилди:
 
  • эки мектеп ашканасы үчүн экиден муздаткыч жана суу жылыткыч;
  •  бала бакча үчүн газ меши;
  • бала бакча үчүн 12 кийим-кече шкафы жана 5 эки кабаттуу керебеттер;
  • эки мектеп үчүн 5 парта, 20 отургуч, эки китеп шкафы.
Бүгүнкү күндө бардык материалдык баалуулуктар Тескей-Кожоке айылындагы эки орто мектепке жана бала бакчага өткөрүлүп берилип, өз багытында колдонулуп жатат. Балдар мурдагыга караганда ыңгайлуу шарттарда тамактанууда жана ооруп калуу тобокелдиги жок. Мындан тышкары окуучулар жана бала бакчага барган наристелер үчүн билим алууга жана тарбияланууга дагы да ыңгайлуу шарттар түзүлдү.