Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилге-2016

2016-12-05 / Айылдык ден соолук комитеттери

“АДК жана ЖӨБ өнөктөштүгү: Жергиликтүү демилге” конкурсу 2016-жылдын апрель айында “АДК үнү” Долбоорунун пилоттук АДК жана ЖӨБ үчүн жарыяланган. Конкурстун максаттары

  • жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процесстерине пилоттук айылдык ден соолук комитеттеринин атынан калктын мындагы жигердүү катышуусуна дем берүү;
  •  саламаттык детерминанттары менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруунун өзгөчө ийгиликтүү мисалдарын аныктап, аларды мыкты практика катары жайылтуу;
  • айылдык ден соолук комитеттеринин Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө саламаттык детерминанттары менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө иштин алдыңкы усулдарын жана жаңы ыкмаларын колдонууга көмөктөшүү.
Конкурстун процессинде айылдык ден соолук комитеттери (мындан ары – АДК) жана пилоттук айылдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ) Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылдарында саламаттык детерминанттары менен байланыштуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жана биргелешкен демилге менен жайылтылган же өткөрүлгөн өзгөчө натыйжалуу, эффективдүү тажрыйбаны же иш-чараны сүрөттөп беришкен. Баары болуп конкурска 21 өтүнмө түштү; 15 жергиликтүү демилге өзгөчө көңүл бурду жана курамына түрдүү уюмдардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген көз карандысыз комиссиянын баасы боюнча байгелүү орундарды алышты.
Жеңүүчүлөр АДК менен ЖӨБго саламаттык детерминанттары менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди улантууга жардам бере турган баалуу буюмдарды алышты. Буга чейин Долбоор пилоттук АДКларга өз айылында жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) иштерин жүргүзүүгө жардам берген. Мунун натыйжасында саламаттык детерминанттарына байланышкан айылдын өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйлөрү аныкталган. Ошондой эле Долбоор АДК менен ЖӨБдүн биргелешкен аракеттер пландарын (мындан ары – БАП) даярдоодо колдоо көрсөттү. Бул пландарды кийинчерээк ЖӨБ органдары кабыл алышкан. Андан кийин БАПты ишке ашыруу жоопкерчилиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөн. ЖӨБ органдары АДК менен биргеликте жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын же каржылоонун башка тышкы булактарынын эсебинен БАПты ишке ашырышкан. Жеңүүчүлөр алган байгелерге төмөн жакта кененирээк токтолобуз.