Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдык ден соолук комитеттери – элеттеги оппозициябы же пайдалуу өнөктөшпү?

2016-12-02 / Айылдык ден соолук комитеттери
Айылдык ден соолук комитеттери – элеттеги оппозициябы же пайдалуу өнөктөшпү?

Элет тургундары өз турмуш шартын өздөрү эле жакшырта алат беле деген суроо туулат. Мисалы, машыктыруучу залдын курулушун баштап, же мектепке жаңы эмерек сатып алууга аракеттенсе болот беле? Көрсө, болот экен. Адатта Айылдык ден соолук комитеттерине (АДК) бириккен аялдар жашоочулардын кызыкчылыктарын жигердүү коргоп келатышат. АДК – Кыргызстандын дээрлик бардык айылдарында өз тармактарын ачкан чакан жамааттык уюм. Элеттиктердин саламаттыгына таасирин тийгизе тургандай турмуш шарттарын жакшыртуу жаатында жергиликтүү бийлик менен АДК кантип кызматташып жатканы тууралуу 28-сентябрда маалымат алмашуу болду. Ага Кыргызстандын түрдүү аймактарынан АДК активисттери Чүй облусунун Гроздь айылына тажрыйба алмашуу ишчараларынын алкагында келишти.

Адамдар турмуш шартына өздөрү таасирин тийгизе алышы үчүн Кыргыз Республикасында эки миңдин тегерегинде (!) айылдык ден соолук комитети түзүлгөн. Адамдын саламаттыгы көп учурда жашаган шартына көз каранды болоору белгилүү. Айылдык ден соолук комитеттеринин басымдуу бөлүгү азырынча чакан эле. Бирок бул жупуну масштабга карабастан жигердүү аялдарды жана бир аз да болсо эркектерди бириктирген АДК олуттуу жыйынтыктарга жетип жатканын практика көрсөтүүдө. Мисалы, АДК мүчөлөрү мектепке барчу жол коопсуз болушу үчүн көпүрө куруу; мектеп автобусун сатып алуу; айылдагы санитардык абалды жакшыртуу; коомдук жайлар-ды жылуулатуу өңдүү дагы көптөгөн иштерди жасоого жергиликтүү бийликти түртүп жатышат. Бирок алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бир нерсени талап кылуу менен гана чектелишкен жок. Жок, алар жергиликтүү маанидеги маселелер- ди чечүүдө ЖӨБ органдарынын жардамчыларына, өнөктөштөрүнө айланышты. Мисалы, алар муниципалитеттерге элет калкынын эң оор жана актуалдуу көйгөйлөрүн аныктап чыгып, талдоого жардам беришет.
Алар айыл өкмөтү менен кошо бул көйгөйлөрдү чечүүнүн оригиналдуу жолдорун ойлоп табышат. Бирок өнөктөштүккө карай жол жеңил эмес. Көптөгөн айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү кеңештер АДКны тең укуктуу жана пайдалуу өнөктөш катары кабыл албайт жана диалогго барууга, кызматташтыкты баштоого даяр эмес. Мына ушул жерде АДКдан өзгөчө көндүмдөр талап кылынат – алар өздөрү тууралуу сабаттуу маалымат берип, жамаатка жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга реалдуу пайда алып келүүгө жөндөмдүү болгонун көрсөтө алышы керек. Көптөгөн АДК бул жолду басып өттү жана бүгүнкү күндө жашоону жакшыртуу, бюджеттик маалыматтарды ачуу боюнча иш-чаралар, жергиликтүү өз алдынча башкарууга мониторинг жүргүзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда жетишилген жыйынтыктарга сыймыктанса болот. 28-сентябрда Бишкекте, андан кийин Гроздь айылында АДКнын 35 өкүлүжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чогулушту. Алар мыкты практикалар, биргелешкен иштин ийгиликтери тууралуу ой бөлүшүп, тажрыйба алмашып, бул кызматташтыктын эффективдүүлүгүн арттырууга тоскоол болгон көйгөйлөрдү чогуу талкуулашты. Андан кийин Гроздь айылында тажрыйба алмашуу иш-чарасынын катышуучулары АДК менен ЖӨБдүн биргелешкен ишинин жыйынтыктарын көрүштү.
Алар: жарандардын керектөөлөрүнө жооп катары курулган машыктыруучу зал жана башка объекттер. Бул муктаждыктарды АДК аныктап чыккан болчу. Жалал-Абад облусунун Ленин аймагынын башчысы мындай бирикмелерден кандай пайда болушу мүмкүн экени, АДК активисттеринин күч-кубатын бүткүл жамааттын пайдасына кандайча колдонуп жатканы тууралуу айтып берди. Жалпы талкуунун жүрүшүндө дагы көптөгөн мисалдар келтирилди. Тажрыйба алмашуу сапарынын соңунда “АДК менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү: Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп табылган мыкты Айылдык ден соолук комитеттерине жалпы суммасы 580 000 сомдук байгелер тапшырылды. Жеңүүчүлөр, алардын ийгилик таржымалы жана мыкты практикалардын мисалдары тууралуу кененирээк “Муниципалитет” журналынын ушул атайын чыгарылышынан окуңуз.