Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КРдагы ЖӨБ: Кызыл-Кыядан сереп

2016-10-20 / ЖӨБ кызматтары

Биздин республикабызда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселесине акыркы жылдары көбүрөөк көңүл бурула баштады. Жакында эле кабыл алынган “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы да ушуга багытталган. Муну менен катар дагы бир нече маселе кала берүүдө, алар кантип чечилгенине жараша өлкөдөгү айылдардын жана шаарлардын мындан кийинки өнүгүүсү көз каранды. 2000-жылдардын башында республикада ошол маалдагы мыйзамдарга ылайык, айыл өкмөт башчысын тикелей шайлоо болуп келген. Кийинчерээк түрдүү себептерден улам, анын ичинде уруучулук байланыштары боюнча бөлүнүүлөрдүн айынан тикелей шайлоолор жоюлган.

Ошентсе да, менин баа-мымда, бүгүнкү күндө адамдар тууганчылыкка эмес, талапкерлердин ишке байланыштуу сапаттарына көбүрөөк көңүл буруп калышты. Анын үстүнө айыл өкмөт жетекчисин жана шаарлардын мэрлерин тикелей шайлоодо ЖӨБ башчылары (айылдык округ дардын жана шаарлардын) калк алдында көбүрөөк жоопкерчиликтүү болушат. Бул шайлоодо айрым бир терс учурларды болтурбоого жардам бермек.Мисалы, депутаттардын көз карандуулугу (айрымдар эч тартынбастан өзүнүн жеке маселелерин чечүү үчүн шайлоого катышары жашыруун эмес). ЖӨБ органдарынын башчыларын тикелей шайлоого 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо колдонулган техникалык мүмкүнчүлүктөр да көмөктөшмөк.
Муниципалдык кызматтын аброюн көтөрүүдө муниципалдык кызматчыларды материалдык жана моралдык жактан шыктандыруу чараларын кеңири колдонуу зарыл. Менин баамымда, түрдүү номинациялар боюнча айыл өкмөтүнүн, райондун, шаардын, облустун жана республиканын мыкты муниципалдык кызматкери наамына сынак өткөрүү оң ролду ойномок. Облустук жана республикалык деңгээлдерде сынактарды өткөрүүгө жана жыйынтыгын чыгарууга КР Мамлекеттик кадр кызматы жана КР ЖӨБЭММА жигердүү катышмак, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү чакырылмак. Инвестицияларды тартуу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, жаштар саясаты, электрондук өкмөт, кызматчынын ишин баалоо өңдүү маселелер боюнча алдыңкы айыл өкмөттөрдүн жана шаардык мэриялардын базасында семинарларды туруктуу өткөрүп туруу да муниципалдык кызматкерлерге чоң колдоо жана жардам болуп бермек.
Баса, айрым айыл өкмөттөрүндө электрондук чарба китептери бар, алар көптөгөн документтерди даярдоо жана берүү боюнча иштерди бир кыйла жеңилдетип койду. Муниципалдык кызматтын эффективдүүлүгүн жогорулатууда ар бир муниципалдык кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттенмелерин так аткаруусу чоң мааниге ээ. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын окутуучуларын тартуу менен, алдыңкы методикалардын негизинде функционалдык милдеттенмелерди үзгүлтүксүз анализдеп туруу да ЖӨБ органдарынын ишин бир кыйла жакшыртат, бири-бирин кайталаган керексиз функцияларды алып салат жана ар бир структуралык бөлүмдүн так иштешин жөнгө салат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишиндеги жогоруда айтылган көйгөйлүү маселелерди оң чечүү көп учурда финансылык децентралдаштыруу маселесинин чечилишине көз каранды болуп турат. Чогултулуп жаткан салыктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына көбүрөөк бөлүштүрүү ЖӨБдүн ишин жакшыртып, жергиликтүү жамаатка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу менен, анын эффективдүүлүгүн арттырмак.

Окшош материалы: