Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы жаңылыктар

2016-10-15 / ЖӨБ кызматтары

Акыркы жылдары муниципалдык кызматты мындан ары өркүндөтүү, муниципалдык кызматты мамлекеттик кызмат менен айкалыштыруу, муниципалдык кызматтын мамлекеттик кызматка карата статусун теңдештирүү, эки кызматтын ортосундагы укуктук ченемдик чөйрөдөгү айырмачылыктарды жоюу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын квалификациялык талаптарын бир деңгээлге алып келүү, эки кызматтын квалификациялык талаптары бирдей болгондугуна байланыштуу бирдей деңгээлдеги кызмат орундарында иштегендерди ротациялоо (которуу) жүргүзүүнү чечүү, муниципалдык кызматчыларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу, муниципалдык кызматка кирүүдө компьютердик тестирлөөнүкиргизүүнү жүзөгө ашыруу жана кызматчылардын ишин баалоо системасына негизделген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө боюнча бирдейлештирилген жаңы система иштеп чыгуу багытында көптөгөн иш-чаралар жүзөгө ашырылганын белгилесек болот. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын жаңы Реестри иштелип чыкты жана бекитилди. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бир маанидеги статусу тигинен гана эмес, жантыгы боюнча да тегизделишине жетишилди.

Жогоруда аталган иштердин натыйжасында кабыл алынган негизги документ бо луп 2016-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынып, күчүнө кирген “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы эсептелинет. ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин суроолоруна жооп катары “Муниципалитет” журналы жана Мамлекеттик кадр кызматы мыйзамдын кабыл алынышы менен мурдагы “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына салыштырмалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ал жерде иштеген муниципалдык кызматчылар үчүн муниципалдык кызматты өтөө багытында кандай өзгөрүүлөр жана толуктоолор болгондугун кыскача түшүндүрүп берүүнү туура тапты. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына төмөндөгүдөй жаңы түшүнүктөр киргизилген. Карьералык пландоо – бул кызматчынын ишин,кесипкөй жана моралдык сапаттарын баалоо тутумунун негизинде кызмат боюнча келечектүү алдыга жылдырууга багытталган иш-аракеттердин комплекси. Комплексти ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгуусу зарыл. Эгерде мурун муниципалдык кызматка кирген кызматчы өзүнүн келечегин айыл өкмөтүнүн же шаар мэриясынын деңгээлинде гана карап, келечекте кызмат тепкичи жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен гана чектелип калат деп эсептеп келсе, азыркы мезгилде жаш адистин жумушк кириши, кызмат өтөөсү жана кызматтан жогорулоосу мыйзам ченеминде ишке ашырылат.
Мурун муниципалдык кызматчы кызмат боюнча жогорулоосу конкурстук негизде гана ишке ашырылып келсе, азыркы мыйзам ченеминде баалоонун жыйынтыгы менен кызмат ордунан жогорулоого мүмкүнчүлүк берилди. Патронаттык кызмат оруну – мурунку мыйзамда бул кызмат орундары атайын белгиленип келген эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине көмөктөшүү үчүн уюшулган консультанттардын, кеңешчилердин жана жардамчылардын кызмат орундары административдик кызмат орундарынын бир түрү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери адамдарды патронаттык кызмат орундарына конкурстан тышкары дайындоону жүзөгө ашыра алат. Муниципалдык кызмат өтөөнүн төмөндөгү багыттарына бир катар жаңылыктар киргизилди: иштин так натыйжаларына негизделген кызматчылардын ишин баалоону өркүндөтүү жана аттестацияны жоюу; баалоонун негизинде кызматты өтөөнүн башка механизмдерин – эмгек акыны төлөөнүн кийинки кадамын белгилөө, кадрлардын ички резервине киргизүү, класстык чендерди ыйгаруу, конкурстук тандоодон өтпөстөн кызматтан көтөрүлүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке киргизүү.
Мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин функциялары кеңейтилди. Жаңы Мыйзамга ылайык, Кеңеш мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү стратегиясын түзүү, ошондой эле Конституция менен белгиленген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү принцибинин негизинде муниципалдык кызматтын саясатынын маселелерин жөнгө салат. Кеңештин азыркы аталышы – Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеш жана анын курамына бийликтин үч бутактарынын мурдагы үч өкүлүнөн тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да киргизилди. Тактап айтсак, шаардын мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы киргизилди. Мындан тышкары, мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты ишке ашыруу милдети мамлекеттик органдардын статс-катчыларына жүктөлүп келсе, мындан ары ушундай эле милдеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында шаар мэрияларынын, кеңештеринин аппарат жетекчилерине жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кат чыларына берилди. Ошондой эле мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык дараметин калыптандыруу, өнүктүрүү жана кесипкөйлүгүн өркүндөтүү максатында персоналды башкаруу кызматын түзүү каралды. Айыл өкмөттөрүнүн, райондук маанидеги шаарлардын штаттык бирдиги аз болгондугуна байланыштуу персоналды башкаруу кызматы бир кызматчыга жүктөлүшү мүмкүн.
Административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобуна жогорку кызмат орду киргизилди. Жогорку кызмат ордуна республикалык маанидеги шаарлардын – Бишкек жана Оштун вице-мэрлери, мэрия аппаратынын, шаардык кеңештердин жетекчилери, ошондой эле Бишкек мэриясынын райондук администрация башчылары кирет. Мыйзамдын ченемдери, мамлекеттик органдын, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичиндеги ротациялоодой эле, эки кызматтын – мамлекеттик жарандык кызмат менен муниципалдык кызматтын ортосунда кызматчыларды ротациялоого мүмкүндүк берет. Муниципалдык кызматчыларга класстык чендеди ыйгаруу маселесинде бирдиктүү көз караштар белгиленип, тартиби кыйла жөнөкөйлөнгөнүн белгилей кетүү керек. Мурдагы мыйзам ченеминде аттестациялоонун жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген административдик башкы кызмат орунун ээлеген муниципалдык кызматчыларга “муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси” класстык чени Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгары-лып келген. Бул топко айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчысы, вице-мэрлер, шаардык мэриялардын жана шаардык кенештердин аппараттарынын жетекчилеринин кызмат ордун ээлеген 1396 муниципалдык кызматчы кирет.
Аталган кызмат орунундагы муниципалдык кызматчыларга “муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси” класстык чендердин ыйгарылышы менен, бул класстык чендин мааниси төмөндөп кеткен.Ал эми калган улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орунун ээлеген 7590дон ашык муниципалдык кызматчыга “муниципалдык кызматтын кеңешчиси”, “муниципалдык кызматтын инспектору” класстык чендери Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан ыйгарылып келген.Жаңы мыйзамда муниципалдык кызматчыларга чен ыйгаруу маселеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде – муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун жыйынтыгы менен сунушталат. Муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чендердин даражасы мамлекеттик кызматчылардын класстын чендеринин даражасы менен бирдей деңгээлде болуп, кошумча “муниципалдык кызматтын кенже инспектору” чени киргизилди. Муну менен бирге мамлекеттик кызматтан муниципалдык кызматка өтүүдө, же муниципалдык кызматтан мамлекеттик кызматка өтүүдө класстык чен сакталып, жаңы кызмат ордуна которулганда тиешелүү класстык чен ыйгарылышы керек деген маселе көтөрүлбөйт.
Класстык чендерди ыйгаруунун тартибинде бир катар өзгөртүүлөр каралган. Муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чендер мамлекеттик жарандык кызматчыларга ыйгарылуучу чендер менен мааниси жагынан бирдей деңгээлге келтирилгендигине жана муниципалдык кызмат орундары “жогорку кызмат орду” болуп бөлүнгөндүгүнө байланыштуу “муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси” класстык ченинин даражасы жогорулап, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жогорку административдик кызматты ээлеген 17 муниципалдык кызматчыга ыйгарылат. “Муниципалдык кызматтын кеңешчиси” класстык чени Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан башкы административдик кызмат ордун ээлеген 860тан ашык муниципалдык кызматчыга ыйгарылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине класстык чен ыйгарууда ишеним көрсөтүлүп, улук жана кенже административдик кызмат ордун ээлеген 7800дөн ашык муниципалдык кызматчыга класстык чендерди ыйгаруу укугу берилди. Ал эми класстык чендерди төмөндөтүү жана ажыратуу класстык чендерди ыйгарган кызмат адамы аркылуу ишке ашырылат.
Класстык ченге берилүүчү үстөк акынын көлөмү мамлекеттик кызматчылардын класстык ченине берилүүчү үстөк акы менен бирдей каралат. Кадрлар резерви улуттук жана ички резервден турат. Улуттук резерв ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Ички резерв жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан түзүлөт. Резервди түзүүдөгү негизги өзгөчөлүктөр: - улуттук резерв башкы жана жогорку, ал эми ички резерв кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкелерден турат; баалоонун натыйжалары боюнча тиешелүү органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар ички резервге кошумча сунушталат.Мурдагы мыйзамда шаарлардын вице-мэрлеринин, айыл башчыларынын (староста) кызматка кирүүсү көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып келген. Анткени бул экөө тең административдик муниципалдык кызмат орду болгондуктан, конкурстук негизде кызматка кириши керектигине карабастан вице-мэрлер кеңештин депутаттарынын, ал эми айыл башчылары айылдын жашоочуларынын макулдугунун негизинде кызмат ордуна коюлушу керек деген мыйзам ченеминде карама-каршылыктар болгондуктан, кызматка кирүүнүн жол-жобосу татаалданып кеткен. Кабыл алынган мыйзамда вице-мэрлердин, айыл башчыларынын патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар менен бирдей өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кызмат орундарына кирүүсү белгиленген.
Мунун натыйжасында: республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери – вице мэрлерди, Бишкек шаарындагы райондук администрациялардын жетекчилерин; шаардын мэрлери – вице-мэрлерди; айыл өкмөтүнүн башчысы – айыл тургундарынын жыйынынын макулдугу менен айыл башчысын дайындайт. Бул жерде белгилей кете турган нерсе, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөтүнүн башчылары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макулдугу менен кызмат ордуна бекигенден кийин, вице-мэрлерди, айыл башчыларын квалификациялык талаптарга туура келген, тажрыйбалуу кадрлардын арасынан өзү тандап кызматка алышы, жергиликтүү кеңеш тарабынан мэриянын, айыл өкмөтүнүн алдына коюлган маселелерди өз убагында жана жогорку деңгээлде чечүүгө шарт түзөт. Айыл башчыларынын (староста) бул категорияга киргизилиши бүгүнкү күндүн талабына туура келген маселелердин бири десек жаңылышпайбыз. Себеби, 2016-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча иштеп жаткан 1243 айыл башчыларынын 962си, же болбосо 77,3 пайызы атайын орто жана орто билимдүү адистерден турат. Баарыбызга белгилүү болгондой, 2013-жылдын февраль айынан баштап муниципалдык кызматчыларды аттестациялоодо жана конкурстук негизде кызматка алууда компьютердик тестирлөө киргизилген.
Компьютердик тестирлөө киргизилгенден кийин, көп жылдан бери иштеп жүрүшкөн, тажрыйбалуу, эл арасында кадыр барктуу айыл башчыларынын көпчүлүгү компьютердик тестирлөөнү тапшыра албай аттестациялоодон жана конкурстан өтпөй калган фактылар орун алган. Буга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомчулуктун өкүлдөрүнөн, депутаттардан кайрылуулар болгон. Кайрылууда айыл жеринде эл менен иштөөдө билими жогору болбосо да, айылдын жашоочуларын бириктирип, айыл жериндеги коомдук иштерди уюштура алган кадрларды сактап,аларды кызмат ордуна бекитүүдө жеңилдиктерди карап берүү суралган. Ошондуктан мыйзамдын 24-беренесинде жогорудагы маселе камтылган. Конкурстан тышкары дайындалганына карабастан, айыл башчысы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга каралган бардык социалдык кепилдиктер жана компенсациялар толугу менен сакталат.Эң негизгиси, өзгөчө тартипте кызматка кирүүнүн натыйжасында өз ишин жогорку деңгээлде аткара  билген адистерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тутумунда сактап калууга шарт түзүлөт. Муниципалдык кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматчыга бул мезгилге чейин ант берүү каралбаса, эми мыйзам ченеминде биринчи жолу кызмат ордуна кирип жатып, кызматчы жазуу жүзүндө ант берет.
Эгерде буга чейин муниципалдык кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматчыга 3 айлык сыноо мөөнөтү белгиленип келсе, азыркы мыйзамда 3 айлык сыноо мөөнөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик, же муниципалдык кызматта эмгек стажы бар жарандарга да белгилениши мүмкүн. Убактылуу кызмат ордунда болбогон кызматчынын милдетин аткарууда, кызматчыга ошол кызмат ордуна каралган бардык функционалдык иш милдеттерди аткарып жатканына карабастан, айлык акысынан башка кошумча социалдык кепилдиктер жана компенсациялар төлөнбөй келген. Бул маселе азыркы мыйзам менен туура чечилгенин белгилеп кетсек болот. Милдетин аткарып жаткан кызматчыга иштеген убактысы муниципалдык кызмат стажы катары эсептелет, ыйгарылган класстык чендери жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген жылдар болсо тиешелүү үстөктөр төлөнөт. Муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде ишке ашырылып келсе, эми кызматчылардын ишин баалоо мыйзам ченеминде ишке ашырылышы керек.
Мыйзамда баалоонун жыйынтыгы менен кабыл алынуучу сунуштар кеңейтилип, анын негизинде: ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун же ылайыктуу эместигин аныкталат; кызмат ордунан жогорулатуу же төмөндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизилет; кызматчыны ротациялоо, кадрлардын ички резервине киргизүү жана класстык ченди ыйгаруу үчүн сунушталат. Муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо жыл сайын жыйынтыктала тургандыгына байланыштуу, муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо өткөрүлбөйт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 20 жылдан ашык эмгек стажы болгондо акы төлөнүүчү өргүү 8 календарлык күнгө көбөйөт. 2013-жылдын 12-июлундагы №162 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын негизинде мамлекеттик заказдын чегинде муниципалдык кызматчылардын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы ишке киргизилген. Бул багытта муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо кызмат ордуна дайындалгандан кийин 3 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө мамлекеттик бюджет каражатынын эсебинен жана квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкактарында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт деп мыйзам ченеминде тастыкталды.
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болуп, кадр кызматы тарабынан бул багытта иш аткарылууда. Мыйзам алдындагы укуктук ченемдик актылар, биздин күнүмдүк ишибизде кабыл алынган мыйзамды туура колдонууну жөнгө салып, муниципалдык кызмат өтөөнү ийгиликтүү ишке ашырууда көмөк көрсөтөөрү баарыбызга белгилүү. Кезегинде бул багытта кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды ишке пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери болоруна ишеним бар.аларды кызмат ордуна бекитүүдө жеңилдиктерди карап берүү суралган. Ошондуктан мыйзамдын 24-беренесинде жогорудагы маселе камтылган. Конкурстан тышкары дайындалганына карабастан, айыл башчысы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга каралган бардык социалдык кепилдиктер жана компенсациялар толугу менен сакталат. Эң негизгиси, өзгөчө тартипте кызматка кирүүнүн натыйжасында өз ишин жогорку деңгээлде аткара билген адистерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тутумунда сактап калууга шарт түзүлөт.
Муниципалдык кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматчыга бул мезгилге чейин ант берүү каралбаса, эми мыйзам ченеминде биринчи жолу кызмат ордуна кирип жатып, кызматчы жазуу жүзүндө ант берет. Эгерде буга чейин муниципалдык кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматчыга 3 айлык сыноо мөөнөтү белгиленип келсе, азыркы мыйзамда 3 айлык сыноо мөөнөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик, же муниципалдык кызматта эмгек стажы бар жарандарга да белгилениши мүмкүн. Убактылуу кызмат ордунда болбогон кызматчынын милдетин аткарууда, кызматчыга ошол кызмат ордуна каралган бардык функционалдык иш милдеттерди аткарып жатканына карабастан, айлык акысынан башка кошумча социалдык кепилдиктер жана компенсациялар төлөнбөй келген. Бул маселе азыркы мыйзам менен туура чечилгенин белгилеп кетсек болот. Милдетин аткарып жаткан кызматчыга иштеген убактысы муниципалдык кызмат стажы катары эсептелет, ыйгарылган класстык чендери жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген жылдар болсо тиешелүү үстөктөр төлөнөт.
Муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде ишке ашырылып келсе, эми кызматчылардын ишин баалоо мыйзам ченеминде ишке ашырылышы керек. Мыйзамда баалоонун жыйынтыгы менен кабыл алынуучу сунуштар кеңейтилип, анын негизинде: ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун же ылайыктуу эместигин аныкталат; кызмат ордунан жогорулатуу же төмөндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизилет; кызматчыны ротациялоо, кадрлардын ички резервине киргизүү жана класстык ченди ыйгаруу үчүн сунушталат. Муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо жыл сайын жыйынтыктала тургандыгына байланыштуу, муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо өткөрүлбөйт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 20 жылдан ашык эмгек стажы болгондо акы төлөнүүчү өргүү 8 календарлык күнгө көбөйөт. 2013-жылдын 12-июлундагы №162 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын негизинде мамлекеттик заказдын чегинде муниципалдык кызматчылардын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы ишке киргизилген.
Бул багытта муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо кызмат ордуна дайындалгандан кийин 3 айдан кечиктирилбеге мөөнөттө мамлекеттик бюджет каражатынын эсебинен жана квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкактарында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт деп мыйзам ченеминде тастыкталды. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болуп, кадр кызматы тарабынан бул багытта иш аткарылууда. Мыйзам алдындагы укуктук ченемдик актылар, биздин күнүмдүк ишибизде кабыл алынган мыйзамды туура колдонууну жөнгө салып, муниципалдык кызмат өтөөнү ийгиликтүү ишке ашырууда көмөк көрсөтөөрү баарыбызга белгилүү. Кезегинде бул багытта кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды ишке пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери болоруна ишеним бар.

Окшош материалы: