Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Суунун сапаты жашоонун сапатын аныктайт

2016-10-04 / ЖӨБ кызматтары

“Жакшы суу – жакшы жашоо. Жаман суу – жаман жашоо. Суу болбосо, жашоо да болбойт!” – мына ушундай ураан менен үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ак-Башат айылдык аймагынын базасында тажрыйба алмашуу иш-чарасы өттү. Тажрыйба алмашуу “Көгүлтүр булак” ТСПАКБнын ишинин мисалында калкты ичүүчү суу менен камсыздоону уюштуруу чөйрөсүндө болду.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык аймагы Өнүктүрүү саясат институтунун “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун максаттуу муниципалитети болуп эсептелет. Маалымат үчүн: Ак-Башат АА борбор калаадан 60 км, облус борборунан 123 км, райборбордон 2 км аралыкта жайгашкан. Айылдык аймактын курамына төрт айыл кирет, 2564 түтүн бар, мында көп улуттуу этностук курамдагы 10 232 киши жашайт Тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларга ичүүчү суу маселесине тикелей тиешеси бар жана суу менен камсыздоо чөйрөсүндө иштеген, ошондой эле бул жаатта чечим кабыл алган 43 киши катышты. Муниципалитеттердин өкүлдөрүн ТСПАКБ ишиндеги айкындуулуктун жана ачыктыктын механизмдерине үйрөтүү, Долбоордун максаттуу муниципалитеттери үчүн гана эмес, КРдагы көпчүлүк муниципалитеттер үчүн да ичүүчү суу боюнча артыкчылыктуу көйгөйдү чечүүдө ЖӨБО менен ТСПАКБнын ийгиликтүү тажрыйбасын иш жүзүндө көрсөтүү мына ушул тажрыйба алмашуу сапарынын негизги максаты болду.
Тажрыйба алмашуунун жүрүшүндө жалпы чогулуш өтүп, анда “Көгүлтүр булак” ТСПАКБ төрагасы Мусаддинов Маликжан 2015-жыл жана 2016-жылдын 5 айы үчүн ТСПАКБнын иши тууралуу маалымат берип, ичүүчү сууну натыйжалуу колдонуунун механизмдери жөнүндө айтып берип, эсепке алуу шайманын – суу өлчөгүчтөрдү киргизүү тууралуу маселени биргелешип чечүүнү жашоочуларга сунуштады. Мындан тышкары сапардын катышуучулары ТСПАКБ ишиндеги маселелер боюнча аймактын тургундары берген сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу процесси менен таанышып чыгышты. Ошондой эле суроо-жооп түрүндө төмөнкү маселелерди карап чыгышты. Жашоочунун суроосу. Суу түтүк системасына ансыз деле аз санда калган өрт өчүрүүчү гидранттарды орнотууга мүмкүнбү? Өрт өчүргөнү келгенде эле бир топ көйгөйлөр пайда болот.
ТСПАКБ жообу. Өрт өчүрүүчү гидранттарды орнотуу жана калыбына келтирүү үчүн өтө көп каражат талап кылынат, ал акча бизде азырынча жок. Бирок бул ишти жасаш керек, ошондуктан инвестиция издейбиз. Жашоочунун суроосу. Суу түтүк системасына вакуум насосторун орнотсо болобу? ТСПАКБ жообу. Болот, бирок суу такыр жок жерлерде гана. Огород сугаруу үчүн насосторду орнотууга тыюу салынат. Жашоочунун суроосу. Суу алып туруу үчүн биздин көчөгө жалпы колонка орнотуп берүүңөрдү өтүнөбүз. ТСПАКБ жообу. Биз XXI кылымда жашап жатабыз, суу булактарын короолордо, үйлөрдө жана жуунучу бөлмөлөрдө орнотуш керек. Практика көрсөткөндөй, көчөдөгү колонкалар уурдалып, крандары жулунуп, кудуктар таштандыга толуп калууда. Сиздин көчөңүздөгү суу түтүгүн калыбына келтирүүнүн жүрүшүндө эч ким кудуктарды тазалаганга чыгып да койгон жок. Кудуктарды өзүбүз булгайбыз. Бейтааныш адамдар силердин кудугуңарга таштанды алып келип ыргыткан жок да. “Мектепте 2000 окуучу бар, алардын ар бири бир, же эки чөйчөк суу ичет. Бизди суу менен абдан жакшы камсыздашууда, сууга байланышкан көйгөйлөр жок. Мунун баары ТСПАКБ кызматкерлеринин эмгеги, бул үчүн сиздерге чоң рахмат айтабыз”, - деди жергиликтүү орто мектептин директору. “Биздин ТСПАКБ суу жок жерге суу жеткирди. Ал эми суу эч кароосуз туш келди агып жаткан жерлерди тартипке келтирди. Мен көп кабаттуу үйдө жашайм, бизге атүгүл түнкүсүн да суу келет, мурда мындай эмес болчу”, - деп айтты элеттиктердин бири.
Жалпы чогулуштагы темалардын бири суу пайдалануу үчүн акы тууралуу маселени талкуулоо болду. Айыл жашоочусу, пенсионер жана лидер Зина Искенова баарына мыйзамды эске салды. Ал мыйзамга ылайык, АК депутаттарынын, жергиликтүү жамаат лидерлеринин, ЖӨБО жана ТСПАКБ өкүлдөрүнүн ичинен административдик комиссия түзсө болот. Аталган комиссия суу пайдаланганы үчүн акы алуу маселеси менен алектенип, төлөбөгөндөргө административдик айып салуу түрүндө чара көрө алат. Эгерде пенсионерлер төлөбөй жатса, З.Искенова ар бир учурду жеке тартипте кароону жана аксакалдар соту аркылуу чечим кабыл алууну сунуштады. Эсепке алуучу шаймандарды (суу өлчөгүчтөрдү) орнотуу аркылуу ичүүчү сууну натыйжалуу пайдалануу темасы өзгөчө талкууну жаратты. Эсептегичтерди орнотуу ар бир абонент үчүн экономикалык пайда алып келери негизги жүйө болду. Мисалы, эгерде азыр төрт кишиден турган үй-бүлө бир адамүчүн 40 сом деген тариф боюнча төлөп жатса, анда айына 160 сом чыгат. Эсептегич орнотулса, ушул эле түтүндүн суу чыгашасы үчүн акысы болжол менен 49,1 сом болот (1м3=10 сом 23 т./ 4 киши=4,8м3/ 4,8м3 х 10,23 сом м3 = 49,1 сом). Ошондой эле Ак-Башат ААнын суу пайдалануучулары суу өлчөгүчтөрдү орнотуу тартиби тууралуу маалымат алышты: ТСПАКБга арыз жазып, эсептегичтерди сатуу жана орнотуу менен алектенген уюмдардын тизмесинен пайдалуу сатуучуну тандап алып, өз эсебинен (баасы болжол менен 700 сомдон 1200 сомго чейин болот) эсептегич сатып алып, орнотуш керек. Ошондон кийин ТСПАКБ өкүлү эсептегич орнотулган фактыны жазып алып, эсепке алуучу шайманды колдонууга техникалык шарттарды берет.
Эсептегичти орнотуу процессинде өтө маанилүү баскыч болуп ТСПАКБ менен келишим түзүү эсептелет. Ал келишимде орнотулган эсептегичтен көрсөтмөлөрдү алуу тартиби жазылып, эсептегич боюнча канча акы төлөй турганы жазылат. Тилекке каршы, жалпы чогулуштун катышуучулары бул идеяны колдошкон жок. Маликжан Мусаддиновдун айтымында, көпчүлүк суу пайдалануучулар жеке үйлөрдө жашашат, аларга суу өлчөгүчтөрдү орнотуу пайдалуу болбойт. Анткени алардын дээрлик бардыгы таза сууну огород үчүн да, мал жана машинесин жууш үчүн да колдонуп келишет. Эгерде эсептегич орнотсо, алар сууну чарба иштери үчүн көзөмөлсүз колдонуу үчүн экинчи трубаны тартып келиши ыктымал. Эсептегичтер кабаттуу үйлөрдө жашагандар үчүн гана пайдалуу, бирок айылда болгону алты гана көп кабаттуу үй бар жана анда жашагандар элеттиктердин аз пайызын гана түзөт. Ошентип бул маселе адамдардын төмөн ой жүгүртүүсүнө жана жоопкерчиликсиз мамилесине туш болуп, азырынча чечилбеген бойдон калды. Бирок эгерде бул маселеге глобалдык көз караштан карай турган болсок, анда таза суу запасы чексиз болбогонун, эгерде аны үнөмдүү сарптоо тууралуу бүгүн ойлонбосок, эртеңки муун таза суусуз каларын унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бардык айыдык аймактарда суу эсептегичти орнотууга карата мамиле ушундай. “Көгүлтүр булак” ТСПАКБнын жалпы чогулушунун жыйынтыктарын чыгарып жатып, айылдык кеңештин төрагасы Дөөлөтбек Исманкулов Ак-Башат ААнын суу пайдалануучуларына кайрылды: “Биздин айылдарда дээрлик бардык жашоочулар таза суу менен камсыздалган, суу күнү-түнү берилип турат.
Менде ТСПАКБ ишине дооматым жок. Бир гана нерсени өтүнөт элем: суубузду баалайлы, трубаларды бузбагыла, кудуктарды таштандыга толтурбагыла жана колонкалардан крандарды уурдабагыла. Сууну өз максатында колдонгулачы.
Биздин суубузду сактагылачы. Эгерде кандайдыр бир маселе жаралса, келгиле, чогуу чечебиз”. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан талкууну уюштургандар талкуу маалында көтөрүлгөн бардык маселелерди эсепке алып, иш тартибинде чечүү убадасын беришти. Жалпы чогулуш аяктагандан кийин тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары тар чөйрөдө калып, иш-чаранын жыйынтыктарын талкуулашты, пикирлерин айтып, баяндамачы Маликжан Мусаддиновго актуалдуу суроолорду узатышты. Анын ичинде суу пайдалануу үчүн акы төлөө маселеси да болду. Байзаков Токтосун, Полтавка АА ТСПАКБ төрагасы “үймө-үй кыдырып чыкканда контролерлор адамдарды каттоосу боюнча эсептейби, же жашаган жери боюнчабы?” деп кызыкты. Буга мындай жооп болду: “Бизде суу пайдалануучуларды эсептөө жашаган фактысы боюнча ишке ашат. Бирок практика көрсөткөндөй, көпчүлүк суу пайдалануучулар ошол даректе катталган, бирок иш жүзүндө ал жерде жашабаган адамдар үчүн төлөгүсү келбейт. Кызыгы, бакубат жашаган адамдар акы төлөгүсү келбейт, ал эми пенсионерлер суу пайдалануучулардын ичинен эң тартиптүүлөрү десек болот.
Бүгүнкү күндө 887 727 сом көлөмүндө акчаны алалбай жатканыбыз эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Бул жалпы сумманын 29% түзөт”. ТСПАКБ менен ЖӨБ органы ортосундагы өз ара аракеттенүүсү тууралуу суроого мындай жооп болду: “Бүгүнкү күндө мен үчүн иш бир кыйла жеңилдеп калды. Каалаган маселени айылдык кеңештин депутаттарынын алдына коюп, андан соң биргелешип чечебиз. Бүгүнкү күндүн шарттарында ТСПАКБ жалгыз иштей албайт, ЖӨБ органы тарабынан жакшы колдоого муктаж. Ошондой эле ЖӨБ органына да колдоо зарыл, эгерде мамлекет ичүүчү суу көйгөйүн чечүүгө гана эмес, башка көйгөйлөргө да инвестиция бөлбөсө, ЖӨБ органы аларды эч качан өз алдынча чече албайт”. “Сиз айыл өкмөтү тарабынан жардам тууралуу айттыңыз. Алар кандай сумманы бөлдү жана кандай иштер жасалды?”, деп кызыкты Ивановка АӨ башчысынын орун басары Канат Алиев. “Өткөн жылы насос орнотушубуз керек болчу, айылдык кеңеш 28 труба жана беш насос сатып алууга 380 000 сом бөлүп берди. Ошондой эле бир көчөдө айылдык кеңештин жардамы менен трубаларды алмаштырдык”, - деген жооп болду.Бардык эле муниципалитеттерде ЖӨБО менен
ТСПАКБ ортосунда ушундай өз ара аракеттенүү жолго коюлганбы деген суроого тажрыйба алмашуу сапарына катышкан 11 муниципалитет өкүлүнүн алтоо гана ооба деп жооп кайтарган.
Бирок аларда да бул кызматташтык көп учурда ЖӨБ органы мисалы, Полтавка айылдык аймагындагыдай суу көтөрүүчү насостордун электр энергиясы үчүн акы төлөө менен чектелет. Коноктор мойнуна алгандай, Ак-Башат айылдык аймагында көрүнүп тургандай ТСПАКБ менен ЖӨБОнун тыгыз кызматташтыгы бүгүнкү күндө көпчүлүк элеттик муниципалитеттерде жокко эсе, ал жактарда ТСПАКБ “өз казанында кайнап жатат”.Суу пайдалануучулар менен келишимди кайсы муниципалитеттер түздү эле деген суроого катышу-учулардын айрымдары гана оң жооп кайтара алды. Мисалы, Ак-Башат ААда айрым бакубат жашаган, бирок келишимге кол коюуну каалабаган адамдарды кошпогондо, дээрлик бардык суу пайдалануучулар менен келишим түзүлгөн экен. Күн-Туу ААнын өкүлдөрү бүгүнкү күндө суу пайдалануучулардын 70% менен келишим түзүлгөнүн, сууну колдонгону үчүн жыйымдар 25 пайызга өскөнүн айтышты. Бул иштер уланууда жана жеңилдик алгандарды кошпогондо, бардык суу пайдалануучулар менен келишим түзүп, жыйымдарды 90% чейин көтөрсө болот дегенге негиз бар. Ак-Башат ААнын “Көгүлтүр булак” ТСПАКБ төрагасы М.Муссадинов инвестицияларды тартуу тажрыйбасы менен да бөлүштү. Беш жылдан бери ал түрдүү долбоорлор менен “Ак Салам” гуманитардык фондуна кайрылып келатат. Бул фонддун жардамы менен эки көчөдө эки насос орнотулуп, 20 жылдан бери суусуз жашап келген көптөгөн көчөлөрдө суу түтүк тармагы оңдолгон.
Күн-Туу айылдык аймагынын ТКЧ адиси Валерий Шилов да Сауд Аравиядан эки миллион доллардык инвестиция тартуубоюнча ТСПАКБ менен ЖӨБдүн биргелешкен тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Бул каражатка узундугу 4,5 км болгон суу өткөрүүчү түтүктүн жаңы линиясы курулуп, суу насос орнотулган. ТСПАКБ ишиндеги кыйынчылыктар тууралуу сөз  болгондо, Юрьевка ААнын ТСПАКБ төрагасынын орун басары башкы көйгөйдү белгиледи – суу пайдалануу үчүн акыны чогултуу жана төлөбөгөндөргө карата кандайдыр бир чаралардын көрүлбөй жатканы. Күн-Туу АА өкүлдөрү акы төлөбөгөндөргө алдын ала кабарлама жөнөтүп, анда 10 күндүн ичинде карыз тындырылбаса, суу берүү токтотулары тууралуу билдирерин айтышты. Башка бир айылдык аймакта акы төлөбөгөндөргө карата кескин чараларды көрүшөт экен – аларды коомдук иштерге тартышат. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары бул жакшы идея болгонун, андыктан муну терең изилдеп, пайдалуу тажрыйба катары жайылтуу керектигин мойнуна алышты. Анткен менен ар кандай кырдаалдарда укуктук мамилелер бузулбашы керек – ичүүчү сууну керектөөчү менен келишим бар, ошонун негизинде ар бир тарап мыйзам боюнча жооп бериш керек. Кемин шаарындагы ТСПАКБ төрагасы Жаныбек Исаков өз шаарындагы эскилиги жеткен суу түтүк тармагына даттанды – жарым кылымдан бери ремонт да жасалган эмес, жабдуулар да жаңыртылган эмес. Шаар болсо реконструкцияны өз күчү менен жүргүзө албайт, ошондуктан инвестицияга чоң үмүт артууда. Полтавка ААнын ТСПАКБ төрагасы Токтосун Байзаков буларды айтты: “Мен жаш адисмин, бул чөйрөдө иштегениме араң эки жыл болду. Тажрыйбам аз жана көп маселелерде мага Ак-Башат ААнын ТСПАКБ төрагасы Малик Муссадинов жардам берип келатат.
Бирок бул жетишсиз. Бизге окутуу-чу семинарлар, же ТСПАКБ иш программалары зарыл. Алар квалификациябызды жогорулатууга жардам бермек. Биз баарыбыз бир аянтчадан чогулуп, ишибизди талкуулап, тажрыйба бөлүшүп, бири-бирибизге жардам бермекпиз. Мисалы, биз бир райондонбуз, бирок көптөрүн тааныбайт экенбиз. Биз бир райондун ичинде гана эмес, башка район, облустарда да тажрыйба алмашууларга катышышыбыз керек”. Буга Малик Муссадинов мындай жооп кайтарды: “Биз дайыма ачыкпыз. Бизге башка райондордон жана облустардан Ак-Башат ААнын ТСПАКБ иши кантип жолго коюлганын көргөнү көптөр келет. Ошон үчүн каалаган учурда кайрылгыла, сөзсүз жардам беребиз”. Кемин ТСПАКБ төрагасы Жаныбек Исаков ичүүчү суу чөйрөсүндө топтолгон көйгөйлөрдүн баарын өкмөткө жеткирүү учүн ар түрдүү биргелешкен окутуучу семинарларды өткөрүү идеясын колдоду. Ошондой эле ал Ак-Башат ААнын базасында ТСПАКБ иши боюнча тажрыйба алмашуу сапарын уюштурганы үчүн Долбоорго ыраазычылыгын билдирди: “Жеке мен өз ишим үчүн өтө көп пайдалуу маалыматтарды алдым. Биз да өз шаарыбызда суу пайдалануучулар менен эффективдүү ишти жолго салабыз деп ишенем”. Бул көйгөй боюнча өз пикирин Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев да билдирди. Ал суу – бул товар, эгерде кимдир бирөө сууну уурдаса, демек товарды уурдап жатканды билдирет деп айтты. Бекиев суу пайдалануучулар менен келишим түзүү зарылчылыгына токтолуп, бул келишимдин негизинде ТСПАКБ менен керектөөчүлөрдүн өз ара мамилелери жөнгө салынарын белгиледи. Бекиев Ак-Башат ААнын ТСПАКБсына жана айыл өкмөт аппаратына ичүүчү суу көйгөйү боюнча отчеттук иш-чараны уюштурганы жана өткөргөнү үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирип, бул маселе республикадагы көпчүлүк муниципалитеттерде өтө оор жана актуалдуу болгонун кошумчалады.
Ошондой эле ал керектөөлөрдү изилдөө, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү укуктук коллизияларды аныктоо көз карашынан алганда бул иш-чаранын канчалык пайдалуу болгонун баса белгиледи. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары Ак-Башат ААнын ТСПАКБ жалпы чогулушуна оң баасын беришип, жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти. Башка муниципалитеттин өкүлдөрү ушундай деңгээлде ушул өңдүү иш-чараны өткөрө алышабы деген суроого катышуучулар бул оңой болбогонун, өтө олуттуу даярдык керектигин ачык айтышты. Албетте ичүүчү суу чөйрөсүндөгү бардык көйгөйлөрдү мындай бир иш-чара менен чечүү мүмкүн эмес. Ошентсе да Ак-Башат ААнын “Көгүлтүр булак”ТСПАКБ тажрыйбасы ар кандай оор кырдаалдарда так пландалган жана эффективдүү башкаруу менен ийгиликке жетсе болоорун тастыктап турат. ЖӨБО жана ТСПАКБ өкүлдөрү үчүн туруктуу негизде практикалык окутуучу платформаларды уюштуруу менен реалдуу анализ жүргүзүп, ичүүчү суу боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү көмүскөдө жаткан көйгөйлөрдү аныктап чыкса болот. Ошондон кийин туура тыянактарды жасап, туура чечим кабыл алуу мүмкүн. Бул ичүүчү суу боюнча максаттуу жана максаттуу эмес муниципалитеттер арасында уюштурулган тажрыйба алмашуу сапары эффективдүү өз ара аракеттенүү, ачыктык жана айкындуулук, инвестиция тартуу жаатында ЖӨБО менен ТСПАКБ өкүлдөрүнүн ишин кайра баалоодо глобалдуу масштабдагы оң өзгөрүүлөрдүн башаты болуп берет деген ишеним бар. “М” журналынын редакциясынын комментарийи.
Ак-Башат ТСПАКБнын жана Кыргыз Республикасындагы башка ТСПАКБлардын көзгө илинген ийгиликтерине карабастан, көпчүлүк ТСПАКБлар калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздап туруу тапшырмасын аткара албай жатканына көз жумуп коюуга болбойт. Ушуну менен бирге бул кызмат көрсөтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. Суу менен камсыздоону коомдук уюм болуп эсептелген ТСПАКБга берүү чечими – терең ойлонулбаган, шашылыш кабыл алынган чечим болгон. Кардар – суу пайдалануучулар тараптан жоопкерчиликтин деңгээли төмөн болуп турган шарттарда көп жакшы жетиле элек коомдук уюмдар үчүн суу түтүк тармагын күтүп алуу өндүү кымбат баалуу иш-чара өтө оор тапшырма десек болот. Кызмат көрсөтүүнү башкарууга өткөрүп берүү келишимдин негизинде жүзөгө ашыш керек, анда эффективдүүктүн көрсөткүчтөрү жана каржылоо механизмдери так белгиленүүгө тийиш. Баарын ТСПАКБга шилтеп коюу менен ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу бойдон кала берүүдө. Бирок көпчүлүк учурда жарандар муну билбей ка- лууда. Бул республикадагы бардык айылдар үчүн олуттуу көйгөй жана аны системалык түрдө чечүү үчүн өкмөт күч-аракетин жумшоого тийиш.

Окшош материалы: