Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Роза ТОКТОБАЕВА: айылда мен үчүн жат көйгөй жок

2015-07-08 / ЖӨБ кадрлары
Роза ТОКТОБАЕВА: айылда мен үчүн жат көйгөй жок

Роза ТОКТОБАЕВА Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында (азыркы Каракол) төрөлгөн.Өнүктүрүү долбоорлорунун демилгечиси ТОКТОБАЕВА 4 баланын энеси, 11 небереси, 2 чөбөрөсүбар. Орус тили жана адабияты боюнча мугалим катары болгон билимин жаштарды тарбиялоого жумшады.

Ал 10 жыл Ысык-Көл райкомунун партиясында эсепке алуу секторунда эмгектенди. Советтер Союзу кулагандан кийин бир да мүнөт алакан жайып отурган жок. Кыргызстан үчүн оор маалдаадамдарга жардам берүү менен алектенди. ТОКТОБАЕВА жаштар үчүн окуу борборунда директордун орун басары болуп иштеди. Бул борбордон жаштар туристтик бизнес үчүн керектүү кесипке ээ болушат. 2004-жылдан тарта ушул кезге чейин Бостери айыл өкмөтүнүн маданий борборунда башчы болуп иштеп келатат. Кыргыз Республикасынын «Маданият отличниги» наамынын ээси.
 
2010-2010-ж.ж. райондук шайлоо комиссиясынын төрайымы, 2012-2014-ж.ж. аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштеди.Таза аналитикалык ой жүгүртө алуу жана тырышчаактык сапаттарга ээ болуу менен Роза ТОКТОБАЕВА 2002-жылы тегерегине бир нече аялды чогултуп алып, «Эссенд» коомдук фондун ачкан.Аталган фонд чөнтөгү жука үй бүлөлөргө жана майып балдарга жардам берет. Айылдын жигердүү жашоочуларынан көркөм кол өнөрчүлүк ийримин түзүп, мында элеттиктер жөн гана ырдабастан, жаңы постсоветтик турмушка ык алып, жашап кетүү көндүмдөрүнө да ээ болушкан. Айыл аймактагы ишсиз аялдар үчүн тигүүчү цех ачып, айыл тургундары үчүн коомдук бирикменин китепканасын ача алды (1500 китеп бар).
 
Кыргызстан үчүн оор жылдары колунан келишинче адамдарга жардам бере алды. Адамдар менен баарлашууда чоң тажрыйбага ээ Роза ТОКТОБАЕВА элет тургундарынын, жаштардын, калктын аярлуу катмарынын социалдык коргоосун бекемдөөгө өтө чоң салым кошту.Коомдук бирикме түзүү менен Роза ТОКТОБАЕВА айылдын инфраструктуралык маселелерин чечүүгө жардам берди, айылдагы мектептердин,балдар мекемелеринин натыйжалуу ишин уюштурууга чоң салым кошту (мектеп-лицейдин чатыры жабылды, айылдагы эки бала бакча калыбына келтирилип, оңдолду, таза ичүүчү суу өткөрүлдү).
 
Айыл тургундары үчүн семинарларды, тренингдерди туруктуу өткөрүү менен, өзү да жаңы билим алуудан качпай, социалдык өнүгүү, жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу,команда түзүү, жаңжалдарды башкаруу, аялдар-
дын коомдук иште ролун өнүктүрүү жана алдыга түртүү, аялдар лидерлигин жана гендердик теңдикти өнүктүрүү жаатында көндүмдөрүн жакшыртуудан чарчабай келет.Роза ТОКТОБАЕВА өз айылынын турмушуна жигердүү катышып, калк менен үзгүлтүксүз иш алып барып, коомдук угууларда алардын кызыкчылыктарын коргоп, жергиликтүү бийлик, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз кызматташат.Ошондой эле башка коомдук бирикмелер жана мамлекеттик уюмдар менен да байланышты бекемдей алды. Роза ТОКТОБАЕВАнын жакшы сапаттарынын бири – жаштарды ишке тарта билүүсү. Анын катышуусу жана колдоосу менен Бостериде жумушсуздук, кылмыштуулук менен күрөшүү максатында бир катар коомдук жаштар уюмдары түзүлгөн.