Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Борбордун турмушу – бюджеттен бюджетке чейин

2015-09-07 / ЖӨБ кадрлары

Баары салыштыруудан билинет эмеспи. Бюджеттик процесстин катышуучулары да бул сөзгө кошулат. Мисалы, өткөн жылы борбордук казына кандай болгон, Бишкек канча акча тапкан, аны эмнеге сарптаган, мегаполис кантип жарандардын турмуш тиричилигин камсыздоого байланышкан маанилүү маселелерди чечкен жана андан бери эмнелер өзгөргөн?

2015-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн эмне түзөт, кирешелер туура эле болжолдонгонбу, мэрия каржылоо маселесин кантип чечүүнү пландаштырып жатат? Ушул жана башка курч суроолор «Бишкектин 2015-жылдагы бюджетинин өзгөчөлүктөрү» деген темада өткөн пресс-сессияда жаңырды. Иш-чара 8-июлда Өнүктүрүү саясат институтунда өттү. Борбордун бюджеттик чөйрөсүндөгү абалга жана реформаларга жасалган анализ менен журналисттерди бюджеттер аралык мамилелер боюнча эксперт Асылбек ЧЕКИРОВ тааныштырды. Өз баяндамасын ал толугу менен Бишкекти көрктөндүрүү, өнүктүрүү боюнча пландарды ишке ашырууда борбор калаанын бийлиги туш болгон жана чечип келаткан актуалдуу маселелерге жана көйгөйлөргө арнады. Өткөн жылдарга салыштырмалуу кирешелерди чогултуу чөйрөсүндө да, аларды бөлүштүрүүдө да олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Бул реформаларды соңуна чыкты деп айтууга болбойт.
 
Алар эми гана башталды жана өтө жай жана курч мүнөздө жүрүп жатат. Бирок маанилүүсү – канткен күндө да өзгөрүүлөр башталды. Соңунда бюджеттик процесстин бардык алдыңкы катышуучулары реформалар зарыл деген бир пикирге келди. «Сонку жылдардан бери биринчи жолу борбордун бюджетиндеги турак жай-коммуналдык чарбалыктын салыштырмалуу салмагы билим берүүдөн кийинки эле экинчи орунду ээледи, - деп билдирди Асылбек ЧЕКИРОВ. – 2015 жылы Турак жай-коммуналдык чарбалыктын чыгашалары 1,92 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Бул болсо бийликтин аткаруу органдарынын бюджеттин чыгашалар бөлүгүндөгү саясаты өзгөргөнүн билдирди. Эми алар өзүнүн түздөн түз милдеттенмелерин аткарууга киришти».
 
Эксперт ММКнын көңүлүн борбордун бюджетин ашкере борбордоштуруу көйгөйүнө жана бийликтин деконцентрациясы зарыл экенине бурду. Ушул кезге чейин бардык каражаттар мэрияда топтолуп келген. Албетте муну азырынча акчасы жок, демек бийлиги да, таасири да болбогон райондук түзүмдөрдөн аттап, себеби менен да, эч себепсиз да мэрия аппаратына кайрылган карапайым жарандар, бизнес, уюмдар түшүнөт. Ал арада мэрия жарандардын ТКЧ, транспорт чөйрөсүндөгү сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө карата улам өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандырууга үлгүрбөй жатат. ӨСИде өткөн пресс-сессия бюджеттик тема барган сайын экономикалык журналисттерди кызыктырып жатканын дагы бир жолу тастыктады. Журналисттер баяндамачы ЧЕКИРОВго борбордогу жолдордун курулушу, таштандыларды жыйноо жана кайра иштетүү, жаңы жумушчу орундарды түзүү, сентябрда убада кылынгандай мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү ж.б. тууралуу суроолорду жаадырышты.
 
Катышуучулардын айтымында, алардын убактысы текке кеткен жок – алар борбордун ушул жылга бюджетине жасалган терең анализди алып, чечилбей жаткан көйгөйлөр тууралуу биле алышты. Мунун баары чогулуп келип, аларга аналитикалык макала жазуу үчүн бай фактураны берет. Коомчулукту маалымдоону күчтөндүрүү максатында ӨСИ Шаарды өнүктүрүү агенттиги менен өнөктөштүктө жана «Бишкек шаарынын бюджеттик процессинин айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатуу»Долбоорун ишке ашыруунун алкагында DFID финансылык колдоосу алдында Бишкектин бюджеттик тематикасына арналган ММК үчүн пресс-сессиялардын циклин уланта берүүдө.