Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (173-174) 13 Май 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек

2026-05-13 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек

Джамиля АРБАНАЛИЕВА, ӨСИнин консультанты

Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул жеке мүнөздөгү жаңжал эмес, бул коомдук коопсуздукка жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө тиешелүү маселе. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда зомбулукка таптакыр чыдап кароого болбой турган практика калыптанып келатат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Коомдук коопсуздук кызматынын (ИИМ ККК) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө пункттарын координациялоо бөлүмүнүн башчысы Данияр САПАРБАЕВ1 менен учурдагы реалдуу кырдаал, муниципалитеттердин ролу жана аялдарды коргоонун механизмдери тууралуу маектештик.

“МУНИЦИПАЛИТЕТ” журналынын беттеринде биз үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук деген эмне экенин жана ага каршы кантип күрөшүү керектиги жөнүндө маалыматты жайылтууга багытталган ИИМ менен ӨСИнин кызматташтыгын чагылдырган чоң сандарды көрүп келебиз. Зордук-зомбулукка каршы дүйнөлүк 16 күндүк маалыматтык өнөктүктүн алкагында (журналдын ушул санынын 33-бетин караңыз) олуттуу жумуштар жасалды; маалымат өлкөбүздүн жүз миңдеген жарандарына жетти. Бул зомбулукту такыр кабыл албаган мамилени жайылтууга чоң салым. Бирок үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытындагы иш 16 жигердүү күн менен бүтүп калбашы керек. Бул көптөгөн тараптардын жыл бою тынымсыз жасаган күнүмдүк иши.

– Данияр Сарсембекович, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жаатында өткөн жылы сиздин ведомство кандай иштерди аткарганы тууралуу айтып берсеңиз.

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, участкалык инспек-торлор, орто мектептердин, лицейлердин окуучулары жана мугалимдери үчүн билим берүүчү иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп турабыз. Бул эмне үчүн жасалууда? Бул милициянын, мектептердин, ЖӨБ органдарынын жана кризистик борборлордун ортосундагы координацияны күчөтүү, жаңжалдын оор кесепеттеринин алдын алууга мүмкүн болгон эрте баскычтарында аныктоо максатында жасалып жатат. Анан албетте, 2025-жылдын 25-ноябрынан 9-декабрына чейин созулган 16 күндүк өнөктүктүн жүрүшүндө жакшы жана ар тараптуу иштер жүргүзүлдү. Ички иштер министрлиги ӨСИ менен жаңы жана натыйжалуу кызматташууга кубанычта болду.

– “Ала-Тоо Live” каналына берген маегиңизде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча биздин өлкөдө тармактык мыйзам – “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР мыйзамы экенин айттыңыз. Бул жаатта калктын укуктук сабаттуулугу өзгөрдүбү?

– Ооба. Маалыматтык өнөктүктүн алкагында биз жарандар үй-бүлөлүк зомбулук уруп-сабоо гана эмес, психологиялык, экономикалык кысым, кайдыгер мамиле жасоо жана куугунтуктоо дегенди да билдирет деп түшүнөрүн көрүп келатабыз.

Мындан тышкары, жакын туугандардын гана эмес, алыскы туугандардын да, ошондой эле чогуу жашап-жашабаганына карабастан никеде турган өнөктөштөрдүн күч колдонгон аракеттери да зомбулук катары каралат.

Мыйзамда ыйгарым укуктар жана алдын алуу чаралары так белгиленген, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасына тартылган 19 субъект, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар, коммерциялык эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аныкталган (Мыйзамдын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштерди аткарган субъекттердин чөйрөсүн сүрөттөгөн 6-беренеси).

Бизде бардык жерде ишеним телефондору, иш-аракеттердин алгоритмдери жана жардам берчү кызматтар менен байланышуунун жолдору көрсөтүлгөн маалыматтык стенддер бар экенин белгилейбиз. Бул республиканын калкын маалымдоо үчүн жөнөкөй, бирок абдан натыйжалуу каражат.

2025-жылы республика боюнча үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 22 миңден ашык кайрылуу катталган. Кайрылуулардын жыйынтыгы боюнча ички иштер органдары 17 миңден ашык убактылуу коргоо ордерин берген. Бул олуттуу сандар. Бирок суроо-талаптардын көбөйүшү – бул да адамдар ачык айтып, жардам сурап кайрыла баштаганынын көрсөткүчү. Зомбулук тууралуу үн катпай коюуга болбойт деген түшүнүк калыптанып келатат.

– Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууда ЖӨБ органдары кандай ролду ойноп жатат?

– Эң маанилүү. ЖӨБ органдары зомбулуктун алдын алууда өзөктүк звено болуп саналат. Дал ушул жергиликтүү деңгээлде зомбулукту кабыл алгыс мамиле калыптанат. ЖӨБ органдары биз менен (КР ИИМ) жигердүү кызматташып, жергиликтүү деңгээлде биргелешкен аракеттерди координациялай башташты. Бардык алдын алуучу иш-чаралар биргеликте жүргүзүлө баштаганын белгилей кетким келет. Чындап алдын алуу деп ушуну айтсак болот.

Алсак, 2025-жылдын 9-декабрында ӨСИ, КР ЖӨБ Союзу жана КР МКЖӨБМА менен кызматташуунун алкагында “Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ЖӨБ органдарынын укук бузуулар тууралуу иштерди кароосунун тартиби” деген темада бардык ЖӨБ органдары үчүн онлайн-семинар өткөрдүк. ЖӨБ органдарынан коргоо ордерлерин берүүнүн тартиби, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча даттанууларды кароонун тартиби, ЖӨБ органдары кандай чараларды көрө алары, алардын фун

кциялары жана ролу тууралуу көптөгөн суроолорду алдык. Онлайн-семинардын бардык катышуучулары – болжол менен 300гө жакын адам болду – мындай семинарларды “КР ИИМ – МКЖӨБМА – ЖӨБ СОЮЗУ – ӨСИ” сыяктуу кызматташтыкта жана туруктуу негизде өткөрүп туруу керектигин белгилешти.

Жаңжал орун алган үй-бүлөлөр менен милиция, ЖӨБ органдары, социалдык жана медициналык кызматкерлер, билим берүү мекемелери, эксперттер чогуу иштешсе, кайра жаңжал чыгат деген тобокелдик, зомбулук азаят. Ал эми кээ бир учурларда мындай кызматташтык буга чейин жасалган зордук-зомбулук аракеттерин аныктоого мүмкүндүк берет.Ушуга байланыштуу 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеринде өз ара байланышты күчөтүү жана уюштуруу сунушу менен кайрылган. Алты айлык мезгилге үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара байланыш түзүүнүн типтүү планынын жана медиапландын долбоору даярдалып, алар райондук администрацияларга жана шаарлардын мэрияларына жөнөтүлдү. Эми ар бир аймакта акимдер жана мэрлер жергиликтүү өз ара байланыш түзүү пландарын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча медиапландарды бекитип чыгышты.

– Зомбулукту кабыл алгыс мамиле маданият аркылуу калыптанат эмеспи. Ар бирибизде зомбулуктун бардык түрлөрүнө сабырдуу мамиле жасабашыбыз үчүн дагы эмнелер маанилүү?

– Коомдук позицияны калыптандырыш керек. Коом зомбулукка жол берилбеш керек деп ачык айтканда, бул жүрүм-турум ченемдерин өзгөртөт. Президентибиз Садыр ЖАПАРОВ белгилегендей: “Зордук-зомбулукту актоого болбойт. Мамлекет аялдарды жана балдарды коргоого милдеттүү”.

Коомубузда “эл эмне дейт” деген сөз зомбулуктан жапа чеккендерди арыздануудан коркпой, иш-аракетке түртүп, зомбулукка баргандарга “БОЛДУ, ЖЕТЕТ” деген белги болуп калышы үчүн бардык тараптардын катышуусу зарыл. Мыйзамдар жооптуу адамдардын чөйрөсүн аныктады – бул 19 субъект, алар тууралуу жогоруда айттык, алардын ар бири өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде зомбулукка каршы турууга тийиш. Ошондой эле бардык жарандарды да күн сайын зомбулук менен күрөшүүгө чакыр-гым келет. Зомбулук фактыларын жашырбагыла, алдын алып, турмуштук оор кырдаалга туш болгондорду колдогула. Бул иште мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун уюмдарынын, медианын, активисттердин кызматташтыгы абдан маанилүү.

Ички иштер министрлиги ӨСИ сыяктуу көптөгөн уюмдардын жигердүүлүгүн кубаттайт. Биз 16 күндүк акция менен гана чектелбей, башталган кызматташтыкты уланткыбыз келет.

– Баарлашуубуздун соңунда, “Муниципалитет” журналынын окурмандарына айтчу сөзүңүз барбы?

– Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү, бала болсун, аялбы, же кары адамбы – башына түшкөн кыйынчылыкта жалгыз эмес экенин, жанында колдоо бар экенин билсе, жардам суроого батынат. Реакция жасоо жана алдын алуу – бул чаралардын бир бөлүгү гана болгонун түшүнүш керек. Субъекттердин өз ара байланышынын жолго салынган механизми гана зомбулукту эртерээк алдын алуунун ийгилигинин ачкычы, дени сак улутту куруунун жана кыргыз коомунун өнүгүшүнүн негизи болуп берет. Үй-бүлөдөгү зомбулук коомду талкалайт, бирок мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жалпысынан коомдун биргелешкен иш-аракеттери бул реалдуулукту өзгөртө алат. Үй коопсуз жер болушу керек! Ал эми биз муну улам бир кадам шилтеп, биргелешкен күч-аракеттердин аркасында мүмкүн кылып жатабыз. 

_______ 

1  Маектин темасы боюнча Данияр САПАРБАЕВге суроолоруңузду э-почтага жазыңыз: dzh.arbanalieva@dpi.kg 

Окшош материалы: