Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (173-174) 13 Май 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө

2026-05-13 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө

Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБАнын долбоорлор менеджери, Нургүл ЖАМАНКУЛОВАнын катышуусунда

Бюджеттер, өнүктүрүү стратегиялары, аналитика жана башкаруунун заманбап аспаптары менен иштөөгө жөндөмдүү кесипкөй кадрларсыз натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу мүмкүн болбойт. Бирок дал ушундай адистердин тартыштыгы бүгүнкү күндө республикалык да, жергиликтүү да деңгээлдерде Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө. Мындай чакырыкка жооп кайтарып, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды даярдоо боюнча Концепцияны ишке ашыруу демилгесин көтөрдү. Демилге “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн колдоосу жана Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Академиянын директору КУРМАНАЛИЕВА Асель белгилегендей: “Программа жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө иш алып барган квалификациялуу эксперттердин, аналитиктердин, консультанттардын жана тренерлердин тартыштыгына жооп катары иштелип чыккан. Дал ушундай тартыштык ЖӨБ органдарынын жана тармактык уюмдардын институционалдык өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды даярдоо бир жолку билим берүүчү иш-чарасы катары эмес, аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапатына жасалган инвестиция катары каралууда”.

ЖӨБдүн негизги багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо Академиянын жана өнөктөш уюмдардын туруктуу ишинин стратегиялык багыты катары аныкталган. Кыска мөөнөттүү долбоордун негизги максаты – Академиянын, өнөктөш уюмдардын жана жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жөндөмдүү ЖӨБ чөйрөсүндө кесипкөй консультанттардын туруктуу пулун түзүү.

“Квалификациялуу эксперттердин, консультанттардын, аналитиктердин жана тренерлердин тартыштыгы башкарууга тиешелүү чечимдердин сапатына, муниципалдык реформалардын туруктуулугуна жана ЖӨБ органдарынын аймактарды өнүктүрүү чакырыктарына жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө тикелей таасирин тийгизүүдө. Академиянын өзү жана анын өнөктөштөрү үчүн кадрлардын тартыштыгы окуу жана консультациялык программалардын масштабын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн да чектеп жатат”, – деди ЖӨБ Союзунун директорунун кеңешчиси Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ.

Өнөктөштүк программасынын менеджери Алия МЫРСАЛИЕВА катышуучуларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу темасына берилгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди: “Силер баарыңар өз ишиңердин кесипкөйлөрүсүңөр, көп жылдык бай практикалык тажрыйба ээсиңер. Бул программа сиздердин ЖӨБ органдарына жана башка кызыкдар тараптарга тренердик жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө жардам берет деп ишенебиз”.

Бул максатка жетүү үчүн программа өз ара байланышта болгон бир катар тапшырмаларды аткарат:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун артыкчылыктуу багыттары боюнча адистерди даярдайт;
  • практикалык, аналитикалык жана тренердик компетенцияларды өнүктүрөт;
  • Академиянын, өнөктөштөрдүн жана ЖӨБ органдарынын кадрлар резервин түзөт; 
  • тышкы  чектелген эксперттердин чөйрөсүнөн көз карандылыкты азайтат.

Академиянын долбоор боюнча менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА катышуучуларды тандоо процессинин ачык-айкындуулугун баса белгиледи: “Катышуучулар конкурстун негизинде тандалып алынды. Тандоонун жыйынтыгы боюнча 27 адистин ичинен кесиптик өсүүсүнө жана ЖӨБ органдары менен практикалык иш алып барууга абдан дилгир болгон 16 адис аныкталды”.

Тандоодо кошумча критерий болуп катышуучулардан жол киреге жана жатаканага кетчү чыгымдарды жабууда кошо каржылоого макулдугу болду, бул алардын окуунун жыйынтыктары үчүн катышуусун жана жоопкерчилигин жогорулатты.

Окуу эки айга созулат жана үч бетме-бет сессияны камтыйт, алар онлайн-курстар жана үзгүлтүксүз эксперттик насаатчылык менен толукталган.

  • Биринчи сессия 2026-жылдын 9–13-февраль күндөрү Бишкекте өтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздерине, тренердик чеберчиликке, жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу, бюджеттер аралык мамилелер маселелерине арналды. Окуу теорияны практикалык тапшырмалар менен айкалыштырды.
  • Экинчи сессия 2026-жылдын 24–28-февраль күндөрү өттү жана аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, дайындар менен иштөөгө, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда заманбап коммуникациялык аспаптарга, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишин жана сатып алууларын уюштурууга назарды бурган.
  • Үчүнчү сессия 2026-жылдын 23–27-март күндөрү өтөт жана анда ЖӨБ чөйрөсүндөгү санариптештирүү (анын ичинде “Санарип аймак”, ERMI, СЭӨП), бюджеттен тышкаркы каражаттарды жана инвестицияларды тартуу, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнүн шартында биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо маселелерин камтыйт.

Бетме-бет сессиялардын ортосунда катышуучулар социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча кечки онлайн-курстардан өтүшөт.

Программанын жыйынтыгы боюнча ЖӨБ чөйрөсүндө 15тен кем эмес кесипкөй адисти – тренерлерди, консультанттарды, аналитиктерди жана долбоордун кызматкерлерин даярдоо пландаштырылып жатат. Бүтүрүүчүлөр өз аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен практикалык иштерге тартылышат, ошондой эле Академиянын долбоорлоруна жана билим берүүчү иштерине тартылышат.

Программанын күтүлүп жаткан таасири жеке окуунун алкагынан чыгат, себеби сөз системалуу өзгөрүүлөр жөнүндө болуп жатат:

  • туруктуу кадрлар резервин түзүү;
  • жалпысынан ЖӨБ системасынын кадрдык дараметин жогорулатуу;
  • чектелген сандагы эксперттерден көз карандылыкты азайтуу;
  • программаны жыл сайын кайталап, кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү.
 

Окшош материалы: