Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
Джамиля АРБАНАЛИЕВА, ӨСИнин консультанты
2026-жылдын 18-февралында Бишкекте Өнүктүрүү саясат институту менен КРнын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын (мындан ары – Академия) ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморан-думга кол коюлду. Документ тараптардын компетенттүү жаш адистерди – болочок юристтерди жана прокурорлорду даярдоо үчүн эксперттик, билим берүү жана изилдөө дараметин бириктирүү ниетин тастыктайт. Меморандумга ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА жана Академиянын ректору Айбек ТУРГАНБАЕВ кол коюшту.
Бул кызматташтык окуунун практикалык бөлүгүн бекемдөөгө, студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана укуктук маданиятты чыңдоого багытталган. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин укуктук жактан камсыздоо, ошондой эле үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу көңүл чордонунда болот.
Ошону менен бирге тараптар белгилешет: Академия келечектеги юристтерди жанапрокурорлорду даярдап жатканы менен, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү кошумча билимдер жаш адистерге карьерасын баштап жатканда байкаларлык артыкчылыктарды берет. Коомдук башкаруу системалары кандай иштээрин түшүнүү бүтүрүүчүлөргө укуктун ченемдерин ишенимдүү колдонууга, жарандардын жана бийлик органдарынын чыныгы суроо-талаптарына натыйжалуураак жооп берүүгө жардам берет.
Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле кызматташуунун баалуу өңүттөрүн да баса белгилешти. Кыргыздын үрп-адаттарында, каада-салттарында алсыздарга, аялдарга карата ар кандай зомбулуктар илгертен эле жол берилгис көрүнүш болуп келген. Ошондуктан болочок адвокаттар менен прокурорлордо зомбулукту принципиалдуу түрдө кабыл албоо көз карашын калыптандыруу алардын кесиптик өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.
“Өнүктүрүү саясат институту үчүн жаш адистердин кесипти теориялык негизде гана эмес, чыныгы практикалык тажрыйба менен кошо айкалыштырганы да маанилүү. Академия менен өнөктөштүк студенттерге мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасындагы процесстерди тереңирээк түшүнүүгө жана билимди ишенимдүү колдонууга мүмкүндүк берет”, – деп баса белгиледи ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.
ӨСИ студенттерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматта талап кылынган туруктуу көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берип, колдонмо экспертиза жана практикалык тажрыйба менен бөлүшүүнү да пландаштырууда.
“Биз бүтүрүүчүлөрүбүздүн кызматка реалдуу тапшырмаларды аткарууга даяр болуп келишине кызыкдарбыз. ӨСИ менен кызматташуу практикага багыт алган окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана келечектеги юристтер менен прокурорлорду зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрүн такыр кабыл албаган мамиле жасоого тарбиялайт”, – деди академиянын ректору Айбек ТУРГАНБАЕВ.
ӨСИнин Башкаруусунун мүчөсү Сабина ГРАДВАЛЬ бул кызматташтыктын өзөгү бекем болгонуна көңүл бурду. 2025-жылы Академиянын студенттери “Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык өнөктүгүнө арналган тегерек столдо, конок лекциясында өздөрүн көрсөтө алышкан: алардын мазмундуу баяндамалары, суроолору, ой жүгүртүүсү зордук-зомбулуктун алдын алуу темасына жогорку деңгээлдеги кызыгуусун көрсөттү.
Тараптардын пландарына биргелешкен билим берүү жана аналитикалык долбоорлор, конкурстар, практиктердин катышуусу менен конок лекциялары, ошондой эле “теңден теңге” форматындагы иш-чараларды өткөрүү кирет. Мунун баары студенттердин кесипкөйлүк көндүмдөрүн тез өнүктүрүүгө жардам бермекчи.
Меморандумга кол коюу квалификациялуу кадрлардын жаңы муунун даярдап, жаштарды укуктук жактан агартууда заманбап ыкмаларды сүрөөдө ӨСИ менен Академиянын күч-аракеттерин бириктирген маанилүү кадам болуп калды.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо

















