Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (173-174) 13 Май 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Нарын облусунун Кызыл-Туу айылдык аймагы: “Шайыр апалар” аялдар ансамбли айылдын социалдык ыргагын өзгөртүүдө

2026-05-13 / Жергиликтүү демилге
Нарын облусунун Кызыл-Туу айылдык аймагы: “Шайыр апалар” аялдар ансамбли айылдын социалдык ыргагын өзгөртүүдө

Мирлан МОЛДОБЕКОВ, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн адиси.

КӨРМӨКСӨНГӨ САЛУУГА БОЛБОЙ ТУРГАН КӨЙГӨЙ

Нарын облусунун Кызыл-Туу айылында көптөн бери анчалык көзгө илинбеген, бирок олуттуу социалдык көйгөй бар – жашы өйдөлөп калган аялдар коомдук-маданий турмушка аз тартылган. Аялдардын басымдуу бөлүгү үйдөн чыкпай отурушат, баарлашып өзүн-өзү өнүктүрүп, жаш муунга салттарды өткөрүп берүү үчүн аянтчалар жок. Бул социалдык обочолонууга, муундардын ортосундагы байланыштардын солгундашына жана жамааттын биримдигинин фактору катары маданияттын ролунун төмөндөшүнө алып келди.

Бул көйгөйдү Кызыл-Туу айылдык аймагынын Казыбек айылындагы клубдун башчысы Саламат ТӨЛӨЕВА да байкап, жашоолору үй-бүлө, тиричилик түйшүгү менен өтүп, бирок баарлашууга, чыгармачылыкка, өзүн-өзү ишке өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жок экенине ынанды.

“Апаларыбыз коомго пайда келтирип, жигердүү болгусу келерин көрдүм, бирок аларда талантын ачып көрсөтө алган мейкиндик жок. Бирок дал ушул аялдар элибиздин салт-санаасын, турмуштук тажрыйбасын жана маданий эс тутумун алып жүрүшөт эмеспи”, – дейт ал.

Демилгелүү форматтардын жоктугу социалдык обочолонууга жана айылдагы маданий иш-чараларга кызыгуунун төмөндөшүнө алып келди.

ЧЕЧИМ

“Шайыр апалар” тобун түзүү идеясы айылдагы аялдар менен кадыресе баарлашуудан кийин жаралган. Аларга бир жолу өткөн иш-чара эмес, андан көбүрөөгү керек болчу. Колдоого, улуттук маданиятка жана биргелешкен иш-аракеттерге негизделген чыгармачыл топ түшүнүгү мына ушундайча пайда болгон. Идея жөн гана аялдарды бириктирүү эмес, улуттук маданиятка, өз ара колдоо көрсөтүүгө жана ыктыярдуу катышууга негизделген туруктуу чыгармачыл жана социалдык коомчулукту калыптандыруу болчу.

2025-жылы Өнүктүрүү саясат институту жарыялаган “Жергиликтүү демилге” конкурсуна долбоор даярдалып, өтүнмө жиберилген. Алынган колдоо топту расмий түрдө түзүүгө жана катышуучуларды улуттук кийимдер менен камсыздоого мүмкүндүк берди. Бул кийимдер – символикалык таануунун жана мотивациянын маанилүү элементи.

“Апаларыбыз биринчи жолу улуттук кийим менен чыкканда, алар өздөрүн маанилүү жана керектүү экенин баамдап, аларда сыймыктануу жана ишеним сезимдери пайда болгонун баарыбыз көрдүк”, – деп эскерет Саламат ТӨЛӨЕВА.

ДЕМИЛГЕНИ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА АНЫН ТААСИРИ

Ошентип, Кызыл-Туу айылында расмий түрдө “Шайыр апалар” тобу түзүлүп, анын мүчөлөрү концерттерге, майрамдарга, коомдук иш-чараларга жигердүү катыша башташты. Алардын спектаклдери айылдын маданий турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланды.

Топтун ишмердиги бюджетке туруктуу финансылык жүк келтирбестен, ыктыярдуу катышууга негизделген. Демилгени ишке ашырууга жалпысынан 100 миң сом сарпталган – буга жергиликтүү демилгелерге жарыяланган конкурстун жыйынтыгында утуп алган каражаттар, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча жана өздөрүнүн салымы кирет.

Айыл тургуну Дамира ШЫГАЕВА: “Топтун түзүлүшү апалардын башын бириктирип, баарлашууга, тажрыйба алмашууга жана өздөрүн башкаларга керектүүдөй сезүүгө мүмкүнчүлүк берди”.

"Медицина тармагында эмгектенип жүрүп, маданият адамдардын ден соолугуна, маанайына кандай таасир этээрин билем”, – дейт  Г. КЕРИМАЛИЕВА.

Башка катышуучулар бул топ алар үчүн илхамдын жана эмоционалдык колдоонун булагына айланганын баса белгилешет.

Бул демилге жергиликтүү жамаатка көп кырдуу таасирин тийгизди: 

  • жашы улуу аялдар социалдык обочолонуудан чыгышты;
  • аялдардын коомдук турмуштагы ролу жогорулады;
  • каада-салттарды өткөрүп берүү аркылуу муундардын ортосундагы байланыш бекемделди;
  • маданий иш-чаралар маңыздуу болуп, көрүүчүлөрдүн саны көбөйдү;
  • айылда биримдик бекемдеп, өз ара колдогон маанай түзүлдү.

“Шайыр апалар” тобу жергиликтүү демилге бүтүндөй бир айылдын социалдык ыргагын кандайча өзгөртө аларын көрсөткөн жандуу мисал болуп калды. Бул демилге БУУ сүрөгөн жана ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жаатындагы ыкмаларына негизделген социалдык инклюзия, гендердик теңчилик жана жарандардын жигердүү катышуусу принциптерине толугу менен шайкеш келет.

“Бүгүнкү күндө “Шайыр апалар” жөн гана топ эмес, алар жамаатыбыздын биримдигинин, ишениминин жана күчүнүн символу болуп калды. Бул демилге жергиликтүү деңгээлде туруктуу социалдык-маданий институтка айланды. Ал узак өмүр сүрүүгө, жамаатта аялдардын ролун бекемдөөгө жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоого көмөктөшүүдө”, – деп сөзүн жыйынтыктады Саламат ТӨЛӨЕВА.