Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жергиликтүү демилге
Талас облусунун Бакай-Ата айылдык аймагы: таланттуу балдардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү айыл жамаатынын келечегине салым кошот
Мирлан МОЛДОБЕКОВ, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн адиси.
КӨРМӨКСӨНГӨ САЛУУГА БОЛБОЙ ТУРГАН КӨЙГӨЙ
Бүгүнкү күндө билим берүү чөйрөсүндө, өзгөчө жергиликтүү деңгээлде балдардын чыгармачылык дараметин ачып, өнүктүрүү үчүн шарттардын жоктугу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Элет жергелеринде искусство тармагында таланты бар балдарда адатта өз талантын ачууга мүмкүнчүлүгү болбой калууда.
Ушундай эле кырдаалды Бакай-Ата райондук балдарга кошумча билим берүү борборунун директору Жаңыл КОЗУБЕКОВА да байкаган экен: “Балдар менен өзгөчө райондук кошумча билим берүү борборунда көп жылдан бери иштеп жүрүп, бир кооптуу көрүнүштү байкабай коюу мүмкүн эмес: балдардын таланты бар, бирок аны өнүктүрүүгө шарт жок. Танаписте көздөрү жанып, ырдап жаткан же телевизордон көргөн бийди кайталап жаткан балдарды көп көрдүм. Бирок бул энтузиазмдын тышында боштук гана бар: атайын жабдылган класс да, аспаптар да, системалуу машыгып туруу үчүн мүмкүнчүлүк да жок. Ошол эле учурда мен бир нерсени түшүндүм: эгерде биз азыр жана ушул жерден шарт түзүп бербесек, анда таланттуу балдардын бүтүндөй муунун жоготуп алышыбыз ыктымал. Себеби, колдоо жана талантын ачууга мүмкүнчүлүк берген мейкиндик болбосо, баланын таланты да бара-бара жоголуп кетет”. Туура эмес уюштурулган эс алуу, эстетикалык табиттин төмөндөшү жана өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши бара-бара социалдык көйгөйгө айланып жатты.
ЧЕЧИМ
Бул көйгөйдү чечүү максатында бий ийрими жана музыкалык классты түзүү демилгеси ишке ашырылган.
“2025-жылы Өнүктүрүү саясат институту “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн (Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен) алкагында жарыялаган “Жергиликтүү демилге” конкурсуна катышууну чечтик. Биз демилгени ишке ашыра баштардын алдында демилгелерди тандоо жана жергиликтүү бюджеттен каржылоо боюнча окуудан өтүп, бардык эрежелер боюнча – ачык жана айкын ишибизди баштадык”, – деп улантат Жаңыл КОЗУБЕКОВА.
Ачык-айкындуулукту сактоо үчүн жергиликтүү деңгээлде талкуулар өткөрүлдү, конкурстук комиссия түзүлдү, демилгелерге ачык тандоо жарыяланды, маалымат медиада, социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жайгаштырылды. Мунун баары жергиликтүү жамааттын ишенимине карай маанилүү кадам болду.
“Биз үчүн жашоочулар өз көзү менен көргөнү абдан маанилүү болду: демилге “жогору” жактан эмес, балдардын чыныгы керектөөлөрүнөн жаралат. Биз долбоор жөн гана биздин идеябыз эмес, балдардын, ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин жалпы ишине айланышын кааладык”, – дейт директор.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы менен алардын “Балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн бий ийримин жана музыкалык классты уюштуруу” демилгеси жеңүүчү деп табылды. Утуп алган каражаттарга жана жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоого күзгүлөр, хореографиялык жабдуулар, музыкалык аппаратуралар, микрофондор жана сахнада кийчү кийимдер сатып алынып, улам бир кадам шилтеп, идеяны реалдуулукка айландыра алды. Бул толук кандуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө мүмкүндүк берди.
ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Бир нече айдын ичинде эле бир нерсе айкын болду: долбоор иштей баштады. Балдар райондук жана маданий иш-чараларга жигердүү катыша башташты, алардын тил табышуу жөндөмдөрү жакшырып, тартип жана командалык маанай пайда болду. Ата-энелер да, балдар да улуттук маданиятка, руханий дүйнөсүн байытууга кызыкдар болууда.
“Балам өзүнө көбүрөөк ишенип калганын байкадым, сахнадан коркпой калды жана борборго барганга ынтызар”, – дейт Борборго барган окуучулардын биринин ата-энеси.
“Музыка мага өзүмдү эркин сезүүгө жардам берди. Мен да музыканы сезе баштадым”, – дейт музыкалык класстын окуучусу.
АЛЫНГАН САБАКТАР. БИЗ ЭМНЕЛЕРДИ ТҮШҮНДҮК?
-
Ата-эне менен баланын катышуусу туруктуулуктун ачкычы. Демилгелердин ишке ашырылышы алгачкы баскычта балдардын жана ата-энелердин пикирин эске алуу катышууну жана ишенимди кыйла жогорулатаарын далилдеди. Ата-энелер байкоочу эмес, өздөрүн өнөктөш катары сезгенде, долбоор өз алдынча жашоого өтөт.
-
Ачык байланыш натыйжаны күчөтөт. Социалдык тармактар, жолугушуулар жана коомдук иш-чаралар аркылуу маалымдоо материалдык ресурстардан кем эмес мааниге ээ болуп чыкты. Чечимдердин ачыктыгы ишенимди бекемдейт жана жамаатты демилгени өнүктүрүүгө катышууга шыктандырат.
-
Ресурстарды баскыч-баскычы менен пландаштыруу керек. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо акырындык менен ишке ашырылууга тийиш. Баскыч-баскычы менен өткөн ыкма бюджетке ашык күч келтирбөөгө жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берди. Колдоо таппастан масштабды кеңейтүүгө умтулгандан көрө, аздан, бирок туруктуу иш алып барган туура болот.
-
Командалык иш жыйынтыкты аныктайт. Демилге мугалимдердин, жетекчиликтин, ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин жолго коюлган байланышынын аркасында ийгиликтүү болду. Топтун ичиндеги жоопкерчиликти жана ишенимди так бөлүштүрүү ар кандай социалдык долбоордун өзөгүн түзөт.
-
Башкаруунун ийкемдүүлүгү сапатты жогорулатат. Пландарды үзгүлтүксүз карап чыгуу, жыйынтыктарга мониторинг жүргүзүү жана өзгөрүүлөргө даяр болуу сабактардын форматын жана окутууга болгон мамилени өз убагында адаптациялоого жардам берди.
ТЫЯНАК
“Бул демилге жөн гана ийрим же класс эмес, жалпы жамаат үчүн өсүш чекитине айланды – үй-бүлөнүн, билим берүү мекемесинин жана жергиликтүү бийликтин ортосундагы байланышты чыңдап, улуттук маданиятты сактоого жана балдарда жигердүү жарандык позицияны калыптандырууга салым кошту, – дейт демилгенин автору. – Биз чогуу иш алып барсак, анда көбүрөөк социалдык өзгөрүүлөргө жете аларыбызды түшүндүк”.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Нарын облусунун Кызыл-Туу айылдык аймагы: “Шайыр апалар” аялдар ансамбли айылдын социалдык ыргагын өзгөртүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Айылды бирге өнүктүрөбүз: “Таза Мурас” муниципалдык ишканасы кызмат көрсөтүүнү башкарууда жаңы технологияларды колдонууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Балдар аянтчасы үчүн муниципалдык жер маселесин чечүүнүн узак жолу: Мады айылынын балдары Нооруз майрамына карата белек алышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Балдардын коопсуздугу жана ден соолугу – башкы байлык
-
№6 (164) / 2025-07-14 Атай айылындагы жаштар сейил багы түнкү жарык менен камсыз болду
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кара-Кулжа айылында аялдар үчүн өнүгүү шарттары түзүлдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Мантыш айылында комуз ийрими ачылып, ага 42 кыз-бала барып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Айылдын кыз-келиндери күткөн фитнес-зал

















