Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
КР СӨИТМга караштуу Архив кызматы менен БАЖБА Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы менен “Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы” мекемеси Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул макулдашуу архив ишинин системасын жана архив жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле архив чөйрөсүндөгү адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Документ архивдик мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында тараптардын узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди куруу ниетин ырастайт.
"Биргелешкен программалар окутуунун сапатын жана колдонмо баалуулугун жогорулатат, катышуучуларды архив иши жана архив жүргүзүү жаатындагы заманбап билимдер, практикалык аспаптар жана бирдиктүү кесипкөй стандарттар менен камсыз кылат. Сертификатталган курстардын чөйрөсүн кеңейтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Академиянын окутуу программаларына ишенимин жогорулатат. Ал эми билим берүү процессине Архив кызматынын эксперттерин тартуу Академияга өзүнүн тренерлердин жана консультанттардын базасын чыңдоого, курстарды методикалык камсыздоо деңгээлин жогорулатууга жана окуунун чыныгы кесипкөй практика менен байланышын чыңдоого мүмкүндүк берет”, – деп белгиледи БАЖБАнын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА.
Меморандумга ылайык, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы архив иши жана архив жүргүзүү боюнча билим берүү программаларын жана окуу модулдарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, окуу процессин уюштурууга, квалификациялуу тренерлерди жана эксперттерди тартууга, катышуучуларды тестирлөөдөн өткөрүүгө жана белгиленген үлгүдөгү сертификаттарды берүүгө милдеттенет. Академия курстун катышуучуларына дайындардын базасын жүргүзүүгө жана ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоого да жооп берет.
Архив кызматы болсо өз кезегинде окуу программаларын иштеп чыгууда эксперттик жана методикалык колдоону камсыз кылат, өз адистеринин билим берүү иш-чараларына катышуусуна көмөктөшөт, Академиянын Консультанттар реестрине эксперттерди жиберип турат, ошондой эле биргелешкен демилгелерге мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө катышат.
Тараптар макулдашылган жол карталарынын жана иш-чаралардын пландарынын негизинде кызматташууну, ошондой эле жетишилген жыйынтыктарга биргелешип мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү макулдашышты.
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 Баалоо жергиликтүү деңгээлде башкаруу аспабы катары: Баалоо боюнча Бишкек форумунун жыйынтыгы
-
№1 (159) / 2025-01-30 USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн семинарларды өткөрдү
-
№10 (156) / 2024-11-07 Онлайн-форматтагы коомдук бюджеттик угуулар: ЖӨБ органдары үчүн мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар
-
№1 (147) / 2024-01-31 Жер мунапысы тууралуу
-
№1 (147) / 2024-01-31 Баткен облусунун беш муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртат
-
№12 (146) / 2023-12-10 Өнөктөштөр “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун долбоорун талкуулашты
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Чүй жана Талас облустарынын отуз муниципалитети кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн гранттык колдоо алышат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Таштандыларды башкаруу – мамлекеттик маанидеги жана улуттук коопсуздукка тиешелүү маселе: катуу тиричилик калдыктарын (кооптуу эмес калдыктарды) башкаруу тууралуу өзүнчө эл аралык жөнгө салуу актылары














