Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (173-174) 13 Май 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаш активисттердин экоидеялары мэрияга жолдонду

2026-05-13 / Жашооң кандай,борборум?

Джамиля АРБАНАЛИЕВА, ӨСИнин консультанты

Бишкектик активисттердин Экокеңешке мэриянын иши үчүн кароого сунушу бар. Булак катары “Урбан-Марафондун” жыйынтыгын карасак болот – бул 2025-жылдын ноябрында өткөн жаштардын масштабдуу шаардык эксперименти. Ошондо Бишкек жаштар шаардын көйгөйлөрүн талкуулоого гана эмес, ошону менен бирге конкреттүү, технологиялык жана экологияга багытталган чечимдерди сунуштоого даяр экенин көрсөткөн аянтчага айланган эле. Мындай формат студенттерди, жаш адистерди жана тармактык эксперттерди бир тапшырманын айланасына бириктирүүгө шарт түзүп, туруктуу шаарлардын келечеги бүгүндөн тарта калыптанып жатканын далилдеди.
“Урбан-Марафон” – бул жигердүү жаштарды, архитекторлорду, экологдорду, IT-адистерин жана дизайнерлерди бириктирген билим берүүчү-долбоордук жарыш. Катышуучулар беш кишиден турган командаларда шаардык чөйрөнүн төрт негизги багыттары боюнча инновациялык концепцияларды даярдоонун үстүнөн иш алып барышты. Алар: транспорт; калдыктарды иштетүү; искусство жана архитектура; жашылдандыруу.

Практикалык багыты, конкреттүү чечимдер жана катышуучулар жөн гана көйгөйлөрдү талкуулабастан, аларды ишке ашырууга даяр демилгелерди сунуштай алганы марафондун негизги өзгөчөлүгү болуп калды.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен “Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелер-SDI” КФ менен биргеликте өттү.

Марафондун катышуучулары сунуштаган демилгелердин арасында 17-февралда өткөн коомдук угуунун катышуучулары айткан көйгөйлөргө дал келгендери да болду (журналдын ушул санында 24-бетти караңыз). Бир идея Жал конушунда калдыктарды кайра иштетүүчү көчмө пунктту уюштурууга байланыштуу болду. Мисалы, мульчаны өндүрүү бир топ артыкчылыктарды бермек: өрттөлгөн өсүмдүк калдыктарынын көлөмү кыскармак; органикалык заттар шаардык циклге кайтарылмак; бул процесске шаар тургундары тартылмак.

“1+4” командасы Globus гипермаркетинде фандоматтарды орнотууну сунуш кылды. Чечим акыга кайтарылуучу механизм аркылуу тараны өзүнчө чогултууга шыктандырууга багытталган. Фандоматтарды1 орнотуунун ыктымалдуу натыйжасы – полигондорго түшкөн жүктү азайтуу жана жарандардын экологиялык жүрүм-турумун калыптандыруу.

CoolBus командасынын автобустардын терезелериндеги тешиктүү OWV-пленкаларын2 колдонуу менен жасаган долбоору климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашып, кошумча киреше табууга болорун көрсөттү. Жаш активисттердин айтымында, бул долбоор автобустардын ичиндеги аба табын азайтып, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатууга жардам бермек.

Башкаруучу өнөктөш Данил ЦОЙ Бишкекте өткөн “Урбан-Марафон” бир нече маанилүү өңүттөрдү ачып бере алганын белгиледи: “Биринчиден, жаштар, жаш адистер байкоочу статусунан шаар саясатын биргелешип иштеп чыгуучуларга өтүп жатат. Экинчиден, көпчүлүк командалар узак мөөнөттүү абстракттуу концепцияларга эмес, тез иштеп кетчү долбоорлорго ыкташууда. Үчүнчүдөн, дээрлик бардык чечимдерде финансы модели менен экологиялык пайда айкалышат. Катышуучулардын долбоорлору колдонмо мүнөзү жана экологиялык багыты менен айырмаланды”.

Бишкекте жетилген, технологиялык жактан алгылыктуу жана экологиялык жактан таза чечимдерди сунуштоого жөндөмдүү урбанисттердин жигердүү мууну калыптанып келатат. Мэриянын системалуу колдоосу менен мындай демилгелер шаар саясатын жаңыртуу үчүн маанилүү ресурс болуп бере алат. Туруктуу шаар процесске тартылган жарандардан жана ишке ашырууга даяр тайманбас идеялардан башталат. Бирок конкурстун прототиптеринен чыныгы шаардык долбоорлорго өтүү – бул эр жүрөк адамдардын алдында турган кыйынчылык. Аларды ишке ашыруу үчүн мэрия менен өз ара байланыш түзүүнүн жаңы моделдери керек. Ал эми жаңы моделге кирүү чекити Экокеңеш болушу мүмкүн.

Марафон жана экодолбоорлор тууралуу маалыматты уюштуруучулар беришти. Эгерде сиз Кыргызстандагы экочөйрөнү жакшыртууга салым кошуп, жаш активисттерди колдоп, инновациялык экоидеяларды  сыноодо БИРИНЧИ болууну кааласаңыз, “Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелер-SDI” КФ өкүлү Айгүл РЫСБЕКОВА авторлор менен диалогдо модератор болууга даяр. 

________

1 Фандомат — бул кайра иштетүү үчүн калктан идиштерди жана таңгактарды, көбүнчө желим бөтөлкөлөрдү жана алюминий банкаларды кабыл алган автомат. Ал, адатта, тапшырылып жаткан материалды тааныйт жана калдыктарды сорттоп чогултууга шыктандыруу үчүн ырастоону же бонусту бере алат.

2 OWV-пленка (англ. One Way Vision) – бул басып чыгаруу үчүн тешиктүү өзү чапталуучу пленка, ал бир жагынан сүрөткө окшош, ал эми экинчи жагынан көптөгөн майда тешиктердин эсебинен айнектен көрүүгө мүмкүндүк берет. Адатта ал жарнакты жайгаштырып, бирок ошол эле маалда ичин көрүүгө тоскоолдук кылбаган транспорттун жана дүкөндөрдүн терезелерин жабуу үчүн колдонулат.